Биз менен байланышыңыз

Бишкек-Ош жолунда жүк ташыган унаа өрттөнүп кетти

Кыска кабар | 25 Авг 2021 | 1243 | 0

Бүгүн, 25-августта саат 04:27 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 330-чакырымы Кетмен-Төбө айылында «Мерседес-Бенц Гигант» үлгүсүндөгү азык-түлүк ташыган унаа өрттөнүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, саат 11:10до толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуусуна унаалардын кагылышы себеп болгон.

Copyright © 2017 Maral FM