Биз менен байланышыңыз

Бишкекте маршруттук таксилер кагышты

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 945 | 0

Бишкекте жүргүнчү ташыган эки маршруттук унаа кагышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 22-апрелде болжол менен таңкы саат 08:00дө Куттубаев жана Айтиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

Кырсыктан эки жаран жаракат алганы айтылууда.

Учурда кайгуул милиция жеринде иш алып барууда.

Copyright © 2017 Maral FM