Биз менен байланышыңыз

Балыкчыда батирде өрт чыгып, 76 жаштагы карыя каза болду

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1314 | 0

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында көп кабаттуу турак үйдүн батиринде өрт чыгып, анын кесепетинен 76 жаштагы карыя түтүнгө ууланып каза болгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Карыянын түтүнгө уулануусуна керебет жана журкан төшөктүн күйүшү себеп болгон.

Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.

Кошумчалай кетсек, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 14 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Copyright © 2017 Maral FM