Биз менен байланышыңыз

«Тазалыктын» кызматкерин сүзүп кеткен айдоочу табылды

Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 714 | 0

«Тазалыктын» кызматкерин сүзүп кеткен айдоочу табылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов «Фейсбук» баракчасына жарыялады.

Бир нече күн мурун болжол менен таңкы саат 6:30 чамасында «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Мадина Токобаева апасы Жылдыз Орозалиева менен бирге бекитилген участокто – Каралаев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде, жолду жана тротуарды шыпырып жүргөн.

Эки кызматкер тең атайын чагылдыруучу жилет кийишкен, бирок ага карабастан, алдын ала маалыматтарга ылайык «BMW» үлгүсүндөгү кара түстөгү унаа Каралаев көчөсү менен түштүк-чыгыш багытта катуу ылдамдыкта келе жатып, Мадина Токобаеваны сүзгөн.

Апасынын айтымында, унаанын урунган үнүн угуп, жолдун боюнда жаткан кызына чуркап барганда, Токобаева бети-башы канга боёлуп, эс-учун жоготуп жаткан. Мамлекеттик номурду көрүү мүмкүн болгон эмес, айдоочу качып кеткен.

Токобаева тез жардам унаасында эсине келген. Азыр ал №4 Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланып жатат, баш мээси чайкалган, буту сынган, сол бети, көздүн гематомасы жана көп сандаган жаракаттар бар.

Кырсыктан кийин айдоочунун Фархад аттуу тууганы ооруканага келип, Токобаеванын дарылануусуна жарым-жартылай акча төлөп берген. Учурда унаа кырсыгынын себептерин аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бүгүн, шаардын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов жана борбордун турак-жай коммуналдык чарба иштери боюнча вице-мэри Жамалбек Ырсалиев ооруканада жаткан Токобаеванын абалынан кабар алышты.

Copyright © 2017 Maral FM