Биз менен байланышыңыз

Бүгүнкү күндө Баткен элине 538 тонна гумжардам келди

Кыска кабар , Пикирлер | 4 мая 2021 | 745 | 0

Чек арадагы куралдуу кагылыштан жабыркаган Баткен элине 4-майга карата жалпысынан 538 тонна гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин оорук башкармалыгынын башчысы Алтын Абылаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кагылыш башталары менен, тактап айтканда, 29-апрелде кагылыш жүрүп жаткан аймакка 18 даана техника бөлгөн. Өздүк курамдан 256 жаран тартылып, гумжардамдарды жерине жеткирүү боюнча иштерди алып барышууда.

«4-майга карата Баткенге жалпысынан 538 тонна гумжардам келди. Анын 342 тоннасын биздин жарандар өздөрү жеткирип берди. 176 тоннасын ӨКМ жеткирип берди. Учурда ӨКМдин кампасында 20 тонна гумжардам сакталып турат. Муктаждык жаралса, ал дагы таратып берилет.

29-апрель күнү Бириккен Араб Эмираттарынан 54 тонна азык-түлүк келди. Аны дароо  «Манас» эл аралык аэропортунан ӨКМдин 5 КамАЗы тартылып, түз эле Баткенге, Лейлектин айылдарына жеткирдик.  

Кыргызстандын элинен айланса болот. Өлкөнүн булуң-бурчунан жардам келип жатат. Биринчилерден болуп, Жалал-Абад, Кызыл-Кыядан жеткирип беришти. Бүгүн Нарын облусу 2 фура жөнөтөт, Ысык-Көл облусунан да жардамдарды жеткирүүнү уюштуруп жатабыз. Азырынча Баткенге тамак-аш жетиштүү», — деди Абылов.

Copyright © 2017 Maral FM