Биз менен байланышыңыз

Ош: Мачак айылында турак үйдөн өрт чыкты

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 571 | 0

Ош облусундагы Кара-Суу районунун Мачак айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 14:42де Ош шаардык № 13 өрт өчүрүү бөлүмүнөн эки бөлүм тартылып, толугу менен саат 15: 44тө өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Copyright © 2017 Maral FM