Биз менен байланышыңыз

Саралаев: Көпчүлүк мигранттардын мекенге кайтууга ниети жок

Кыска кабар | 6 Авг 2020 | 702 | 0

Орусиядагы көпчүлүк мигранттардын мекенге кетүүгө ниети жок. Анткени алар пандемияга чейин чогулткан акчаларынын эсебинен белин бекем бууп жашап турушту, ошол эле учурда жумуштары башталып калды. Мындай пикирин Орусиядагы Кыргызстандын эмгек мигранттарын колдоо фондунун жетекчиси Тимур Саралаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Мекенге кетүүнү каалап, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине арыз менен кайрылгандар жалпы мигранттардын 1-2 пайызын гана түзгөн.

Саралаевдин айтымында, аба каттамдары токтотулгандан кийин атайын уюштурулган чартердик каттамдар жумасына бир гана жолу учуп, кетүүнү каалаган мигранттарды канааттандыра алган эмес.

Азыр рейстер көбөйүп, жумасына 4-5 рейс жүрүп жатат. Бирок баардык муктаждыкты канааттандырбайт. Себеби кетем дегендер июнь айында көп болуп, 10 миңдей жаран кезекте туруп калды. Ошол эле учурда элчиликтин алдына күнүнө 500дөй адам чогулуп жатты. Эң аз дегенде 500дөй арыз түшүп жатты, — деди Саралаев.

Саралаев билдиргендей, кетүүнү каалагандардын көптүгүн жумушсуздук менен гана байланыштырууга болбойт. Кыргызстанда апаат күч алгандан кийин жакын туугандары ооруга чалдыгып, көз жумгандар катталып жаткандыгынан да байланыштуу да мекенге кетүүчүлөрдүн саны кескин түрдө көбөйгөн. Азыркы учурда мекенге кайтууну көздөп,  кезекте тургандардын саны 15-20 миңди түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM