Биз менен байланышыңыз

Екатеринбургдан 22 кыргызстандык учуп келди

Кыска кабар | 23 мая 2020 | 663 | 0

22-майда “Урал Авиалиниялары” авиакомпаниясынын “Екатеринбург-Бишкек-Екатеринбург” каттамы боюнча чартердик рейс менен Кыргызстандын 22 жараны учуп келди. Бул рейс Кыргызстандан Орусиянын жарандарын алып чыгып кетүү үчүн Орусия тарап менен биргеликте уюштурулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Орусия менен жетишилген макулдашууга ылайык, аталган рейс менен Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Сургут, Санкт-Петербург жана Ханты-Мансийскиден Кыргызстандын 22 жараны өлкөгө кайтып келди, алар оор илдеттери бар экендигине, татаал операциялар жасаларына жана кош бойлуу болгондугуна байланыштуу Кыргызстанга шашылыш кайтууга муктаж болгон.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

Кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча иш-чаралар Кыргызстандын Президенти койгон тапшырмалардын алкагында ишке ашырылууда, алар туруктуу негизде, ошондой эле өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосунда жана кызматташуусунда иштелип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM