Биз менен байланышыңыз

Индиядан 22 кыргызстандык учуп келди

Кыска кабар | 26 мая 2020 | 747 | 0

Бишкекке Индиядан Кыргызстандын 22 жараны учуп келди. Алар «Air India» авиакомпаниясынын «Дели-Бишкек-Дели» маршруту боюнча Индия тарабынан Индиядагы Кыргызстандын жарандарын чыгаруу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишти. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Индия тарап менен жетишилген келишимге ылайык, бул каттам менен келген кыргызстандыктардын көбү дарылануу жана ар кандай иштерди аткаруу максатында Индияда болушкан.

Азыркы учурда бардык келгендер белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

Мамлекет башчысы койгон милдеттерди аткаруу, анын ичинде чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иштер дагы улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM