Орусия тарап Кыргызстан менен байланыштырган авиакаттамдардын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрүн карайт. Бул туурасында Кыргызстан менен Орусиянын Тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сергей Лавровдун жолугушуусунда айтылды. Эки тараптын 23-октябрдагы жолугушуусунун жыйынтыгында маалымат жыйын уюштурулган.
Сергей Лавровдун айтымында, бул маселе эпидемиологиялык абалдан көз каранды.
«Бул маселе менен Росавиация жана коронавирустун жайылышына каршы турган тиешелүү органдар алектенип жатышат», — деди министр.