Биз менен байланышыңыз

Карашев: Паспорттордун бланкасынын түгөнүүсү өнөкөткө айланды

Кыска кабар | 15 Апр 2021 | 1363 | 0

Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев өлкөдөгү паспорттук кризис маселесин көтөрдү.

Анын айтымында, өлкөдө паспорттордун бланкасынын түгөнүүсү өнөкөткө айланды.

— «Дайыма эле «бланкабыз түгөнүп калды» деп, паспорттордун мөөнөтүн жылдырабыз. Кээде 6 ай, кээде бир жылга узартабыз. Башка мамлекеттер эмне дейт эми?!  Ким буга жооп берет? Бланканын түгөнө турганын алар алдын ала билишпейби? Ортодо жөнөкөй жарандар кыйналып жатат», — деди депутат.

Ошондой эле ал бланкалар түгөнгөнүн күтүп отура бербей, алдын ала тендер өткөрүп, буйрутма берүүнү сунуштады.

Мындан сырткары ал бул ишке күнөөлүлөрдүн жоопкерчилигин кароону талап кылды.

Copyright © 2017 Maral FM