Биз менен байланышыңыз

Өлкө башчысы элди добуш сатпоого чакырды

Кыска кабар | 3 Окт 2020 | 678 | 0

Кыргызстандын келечегин ойлогон ар бир жарандын маселеси – добуш сатуу маселеси. Мындай оюн айткан президент Сооронбай Жээнбеков өзүн да ушул маселе түйшөлтүп турганын белгилеп, элди добуш сатпоого чакырды.

-Эртең добуш берүү күнү, добуш сатпоого чакырат элем. Өзүнүн келечегин, балдардын келечегин, мамлекеттин келечегин ойлогон адам буга барбайт.Добуш сатуу деген бул эмне? Бул балдардын келечегине, мамлекеттин келечегине, өз келечегине балта чабуу менен барабар. Мен айтып жүрөм, дагы айтып кетейин, ал арам каражат. Жок боло турган нерселер да баары тең, — деди президент.

Жээнбеков өз сөзүндө бул парламент 5 жыл иштей тургандыгын жана бул мамлекеттин өнүгүшүнө абдан чоң таасири бар экендигин эске салды.

-Негизги чечимдин баары, мыйзамдар ошол жерде кабыл алынат. Бул мамлекеттин келечегинин өнүгүшүнө түздөн-түз таасир этет. Ошон үчүн дагы чакырат элем, жалпы мекендештеримди добуштарын сатпоого, өзүнүн жүрөгүнөн чыккан адамдарга, жүрөгүнөн чыккан партияга добуш берүүгө чакырам, — деп президент жалпы кыргызстандыктарга кайрылды.

Эске сала кетсек, эртең, 4-октябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Copyright © 2017 Maral FM