Биз менен байланышыңыз

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу боюнча Орусия менен да сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Кыска кабар | 19 Сен 2020 | 873 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» берген маегинде «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбооруна токтолду.

— Азыр эксперттерибиз иштеп жатышат. Жалпысынан кытай тараптын кызыгуусу бар, бул долбоорго. Темир жол долбооруна катышуу тууралуу Орусия менен дагы жогорку деңгээлде сүйлөшкөнбүз. Азыр Орусия темир жолдору бул маселе боюнча биздин темир жолдор менен тыгыз иштей башташты. Бул долбоорду Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан Орусия менен (3+1 форматында) активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буйруса, бул боюнча дагы жылыштар бар,- деди президент.

Жээнбеков пандемия учурунда чек аралар, аба каттамдары жабылып калган учурда темир жолдун керек экендиги дагы бир ирет байкалганын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM