Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын 3 миң жашоочусуна беткап үчүн айыппул салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Сен 2020 | 558 | 0

Тажикстанда 2600дөн ашуун адамга санитардык-гигиеналык нормаларды караган Административдик Жоопкерчилик Кодексинин жаңы жоболоруна ылайык айыппул салынды.

Ушул жылдын июль айында административдик кодекстин эки беренесине өзгөртүүлөр киргизилип, санитардык эрежелерди сактабагандыгы үчүн, анын ичинде беткап жоктугу үчүн айыппул салынат.

Бийлик бул өзгөртүүлөр коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн киргизилгенин билдирди.

Тургундардын айтымында, айып пулдар формалдуу мүнөзгө ээ болуп, Тажикстанда бул талаптарды аткаргандар аз.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги айып пул салынгандардын көпчүлүгү коомдук транспортто, базарларда жана дүкөндөрдө беткапсыз жүргөн адамдар экендигин билдирди.

Беткаптын жоктугу үчүн 116 сомониден 290 сомониге чейин айып пул салынат (болжол менен 11 -29 доллар). Ал эми кооптуу жугуштуу оорулардын жайылышы үчүн  2 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза, эгерде мыйзам бузуу кайталанса,  5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Тажик дарыгерлери учурда беткап кийип жүрүү коронавирустун жайылышынын алдын алуунун бирден-бир жолу дешет, бирок тургундар бул чарага көңүл бурбай келишет.

Тажикстанда коронавирус инфекциясы ушул жылдын 30-апрелинде биринчи жолу катталган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялаган акыркы статистикалык маалыматтарга ылайык, өлкөдө коронавирустан  72 киши каза болгон. Көптөгөн тажиктер статистикалык маалыматтарга ишенишпейт, алар  чыныгы сандар бир нече эсе жогору деп эсептешет.

30-апрелден 14-сентябрга чейин өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 9014кө жетип, алардын ичинен 7816 адам айыгып чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM