Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан кайрадан жарандарды коргоонуу эрежелерин так сактоого үндөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2020 | 620 | 0

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги калктан кайрадан коронавируска каршы коргонуу эрежелерин так сактоону суранды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомчулук менен байланыш бөлүмү билдиргендигин жергиликтүү басылмалар жазды.

«Карантиндик чаралардын жеңилдетилиши өлкөдө коронавирустук инфекция азайгандыгын жана адамдар сактануу чараларын унутуп, каалаган жерине бара алат дегенди билдирбейт», — деп айтылат билдирүүдө.

Ташкенттеги Тез жардам станциясынын башкы дарыгери Умидулло Рискиев сентябрь айынын биринчи жумасында тез жардам кызматына чалуулар көбөйгөнүн белгиледи.

Тактап айтканда, аталган борбордун тез жардам кызматына августтун акыркы 7 күнүндө келип түшкөн чалуулардын жалпы саны 18 316 болсо, ал эми сентябрь айында 7 күн ичинде 19 707  чалуу келип түшкөн.

1-7-сентябрь күндөрү келип түшкөн чалуулардын 31,2  пайызы дене табынын көтөрүлүшү менен, 15,7  пайызы курч респиратордук оорулар менен жана 4,1 пайызында пневмониянын белгилери болгон.

Мунун негизинде Саламаттыкты сактоо министрлиги калкты сак болууга жана ар бир жаранды коронавируска каршы коргонуу эрежелерин так сактоого чакырган.

Өзбекстанда 8-сентябрга карата жалпы коронавируска кабылгандардын саны 44 418ге жетти. Алардын ичинен 41 миң 898 адам айыгып, 360 адам каза болгон.

Copyright © 2017 Maral FM