Бүгүн, 13-декабрда Дубайдагы ЭКСПО-2020 көргөзмөсүнүн алкагында «Кыргызстан-Бириккен Араб Эмираттары» бизнес-форуму өз ишин баштайт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Кыргызстандын Инвестициялар жана өнүктүрүү мамлекеттик агенттиги менен Соода-өнөр жай палатасы уюштурган иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын «Соодага көмөктөшүү» долбоорунун колдоосу астында өтөт.
Бизнес-форумга Кыргызстан тараптан 40тан ашуун ишкер барган. Бириккен Араб Эмираттарынан 70ке чукул компаниянын өкүлдөрү катышат.
Форумдун алкагында Кыргызстандын ишкерлери тамак-аш өнөр жайы, IT-өндүрүш, айыл-чарба, энергетика, курулуш, таза суу чыгаруу долбоорлору боюнча таанытым жасашып, эки тарапка пайдалуу кызматташтыкты талкуулашат.