16-ноябрда Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү. Ага президент Садыр Жапаров, Кеңештин мүчөлөрү, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, коррупция менен күрөшүү боюнча мамлекеттик органдардагы өкүлдөр, бизнес-ассоциациялардын, жарандык жана илимий сектордун, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты. Кеңеште негизги маселе катары өлкөдөгү коррупцияны жоюу үчүн жасалып жаткан кадамдар жана аракеттер талкууланып, коррупцияга каршы концепция сунушталды.
Коррупция менен күрөшүүдө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү, бийлик менен жарандык коомдун натыйжалуу диалогун камсыз кылуу, бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкерлерди коргоо, колдоо максатында президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Антикоррупциялык ишкердик кеңеш ушул жылдын июль айында түзүлүп, башкы катчылыгына Нурипа Муканова дайындалган. 25-октябрда президент Садыр Жапаров кеңештин курамын бекиткен, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, бизнес-коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирген.
16-ноябрда Антикоррупциялык ишкердик кеңештин биринчи жыйынында президент Садыр Жапаров биринчи жолу Конституцияга коррупция менен күрөшүү ченемдери киргенин, ошондой эле ишкерлерди коргоо боюнча кошумча эки жарлыкка кол коюлуп, негизсиз текшерүүлөр токтотулганын белгиледи.
Президенттин айтымында, бийликтин коррупцияга каршы саясатына ишеним жаратуу үчүн биринчи кезекте укук коргоо жана сот органдары ишенимдүү иш алып барышы керек. Мамлекет башчы ошондой эле коррупцияны чечүүнүн механизмдерине да токтолду.
«Элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген коррупциялык кылмыштар тууралуу фактыларды билдирген адамдарга сый акы берүү ыкмасын мүмкүн болушунча тезирээк ишке киргизүү зарыл. Бул усул – көйгөйдү чечүү механизмдеринин бири. Коррупция менен күрөшүү жаатында иштеген коомдук уюмдардын ишин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдында атайын адистештирилген фонд түзүлдү. Ошондой эле коррупция жөнүндө кабарлаган адамдарга, анын ичинде коррупциялык схемаларды жана мамлекетке келтирилген коррупциялык зыянды аныктаган кызмат адамдарына бул фонддон бир жолку акчалай сыйлыктар каралышы керек. Иш-аракеттердин артыкчылыктуу багыттарына ылайык, коомдо коррупция менен күрөшүү боюнча агартуу иштерин жүргүзүү, элдин каршы атмосферасын түзүү үчүн бул багытта иштеген коммерциялык эмес коомдук уюмдарга мамлекеттик колдоо, анын ичинде каржылоо чараларын караштыруу зарыл».
Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова Кыргызстан корруциялык деңгээли жогору өлкөлөрдүн катарында экенин, андан арылуу үчүн жаңы антикоррупциялык стратегия зарылдыгын белгиледи.
Анын айтымында, жемкорлук өлкөнүн өсүүсүнө бардык тараптан терс таасирин тийгизүүдө.
«Коррупция көп кырдуу кубулушка айлануу менен өлкөнүн экономикалык гана аймагына таасирин тийгизбестен, коомдук, саясий, руханий жана адеп-ахлактык жактан да таасирин жайылтууда. Аталган тармактардагы коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү үчүн конкреттүү механизмдерди кабыл алуу зарыл. Өткөн жылдардагы тажрыйбаны эске алуу менен коррупцияга каршы пландардын көптүгү, ага каршы саясатты ишке ашырууга тоскоолдук гана кылбастан, тескери таасирин берип келген. Натыйжада мамлекет менен мамлекеттик бийликтин коррупцияга каршы күрөшү аны менен күрөшө албагандай элес калтырганын моюнга алуу керек. Ошондуктан коррупцияга каршы саясаттын стратегиясы жана аны ишке ашыруунун бирдиктүү планы керек».
Нурипа Муканова коррупцияга каршы саясаттын стратегиясын иштеп чыгуу үчүн бардык тараптардын катышуусу менен жумушчу топ түзүлө турганын жана стратегиянын биринчи долбоорун ушул жылдын декабрь айынын ортосунда коомдук талкууга коюуну пландап жатканын кошумчалады.
Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит коррупция өнүккөн өлкөлөрдүн баарында бар экенин айтып, өлкөдөгү коррупцияга бөгөт жасоо үчүн көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле ал президентке коррупцияга каршы күрөшүүдө жоопкерчилик алганына ыраазычылыгын айтты.
«Моделдөө жогорку жактан башталышы керек, коррупция менен күрөшүүгө жоопкерчилик алганыңызга кубанычтамын. Ошондой эле бул көрүнүшкө каршы күрөшүүдө жардам берүүгө, бул кеңештин ар бир мүчөсү менен пландарын талкулоонун бардык кадамдарында чогуу иштешкенге даярбыз. Биз схема түзүп алсак, ар бир ишибиз кандай таасир этип жатканын карап чыксак, өзгөчө мониторинг жана баалоо жагын айтып жатам».
Коррупциянын келип чыгуу себептерин аныктоо жана болтурбоонун механизмдерин иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген Эл аралык билим берүү жана изилдөө борборунун директору Алмаз Ибраев бул иштер кагазда гана калып калбастан, системдүү түрдө ишке ашышы керектигин айтты.
«Эч кимге жашыруун эмес, Кыргызстан коррупцияга малынган өлкөлөрдүн тизмесинде эң жогорку деңгээлде турат. Бардык мамлекеттик тармакка терең сиңип кеткен. Ошондуктан муну менен аёосуз күрөш жүргүзүү керек. Өзүнүн кызмат ордун колдонуу, орундарды сатып алуу эч кимге жашыруун эмес. Бул кеңешке киргенден бери өзгөчө билим берүү жана медицина тармагындагы коррупция боюнча кайрылып жатышат. Медицина тармагы адамдын өмүрүнө түзмө-түз байланыштуу болгондуктан, абдан чоң көңүл бурууну талап кылат. Өзгөчө эл аралык эксперттерди да тартуу керек, анткени алардын тажрыйбасы чоң».
Башкы прокурор Курманкул Зулушев өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болгон коррупцияга каршы катаал күрөш жүргүзүлүп жатканын белгилеп, ишкерлердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө прокуратура органдарынын пироритеттүү багыты экенин эске салды. Ал Өзгөчө мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзам бузуулар орун алып, бюджетке зыян келтирилип жатканына токтолуп, мисал келтирди.
«2020-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызмат адамдары тарабынан жеке компаниядан 135 млн сомго техникалык көрсөткүчтөргө жооп бербеген 550 миң доза сасык тумоого каршы вакцина жана 44 млн сомго кереги жок 20 миң доза пневмококко каршы вакцинаны сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иштери тергелүүдө. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кызматкерлерди алууда квалификациялык талаптарга жооп бербесе да, тууган же тааныштыктын негизинде мыйзамсыз кызматка дайындоо, ишкерлерге көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызмат абалын пайдалануу тууралуу чектөөлөрдү сактабоо мамлекеттик кызыкчылыктарды ишке ашырууда жолтоо болуп келүүдө».
Ал эми финансы министри Алмаз Бакетаев коррупция фактысы боюнча маалымат берген жаран материалдык сыйлыкка ээ боло турганын айтып, бул боюнча Финансы министрлигинде мыйзам долбоору иштелип чыкканын маалымдады.
Анын айтымында, мыйзамды жазууга укук коргоо жана көзөмөл органдарынын өкүлдөрү да катышкан. Коррупция фактысы боюнча маалымат бергендер кайтарылган сумманын 10%ын алышат.
«Тиешелүү токтом күчүнө киргенден кийин мыйзамдын алкагында коррупциялык фактылар тууралуу билдирген жарандар, эгер маалыматы так чыга турган болсо, мамлекеттик бюджетке келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуруудан түшкөн сумманын 10%ын бир жолку сыйлык катары алышат. Белгилей кетсек, сыйлыктын суммасы 1 млн сомдон ашпайт».
ЖИАнын директору Фаркат Пакыров ишкерлер эки учурда коррупцияга бара турганын айтты. Биринчиси, ишкер өз учурунда мамлекеттик органдардан сапатуу жана так маалымат ала албайт. Мамлекеттик кызматтар адамдык факторго көз каранды жана автоматташтырылган эмес. Экинчиси, мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдүн айынан жана ишкерлердин мыйзамды так билбегенинен. Алар өзгөчө укук коргоо органдарындагы кызматкерлердин өзүм билемдигине кабылышат.
Коррупцияга каршы ишкердик кеңештин биринчи жыйынынын жыйынтыгы боюнча Резолюция кабыл алынды:
— Коррупцияга каршы стратегиянын концепциясын негиз катары кабыл алуу;
— Жумушчу топ түзүү жана 2021-2024-жылдарга Кыргызстандын коррупцияга каршы саясатынын стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу;
— Коррупцияга каршы эл аралык күндү өткөрүү боюнча сунуштарды киргизүү.