Биз менен байланышыңыз

Эс алуу күндөрү Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

Кыска кабар | 9 Апр 2021 | 1727 | 0

Бишкек шаарында 10-11-апрель күндөрү кезектеги азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымат болгондой, жарманке Биринчи Май райондук администрациясы — Исхак Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жана Свердлов райондук администрациясы — Т. Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

Азык-түлүктөрдүн баасы:

Уй эти — 390-405 сом;

Жылкы эти — 380-390 сом;

Кой эти — 400-405 сом;

Тоок эти — 200-210 сом;

«Царь» суу майы — 130-132 сом;

«Лучезарное» суу майы — 130-132 сом;

«Ласка» суу майы — 130 сом;

Фирма жумурткасы — 75-85 сом;

Үй жумурткасы — 90-95 сом;

Кайыңды шекери — 56 сом, 5 кг 280 сом;

Алма — 30-60 сом;

Сабиз — 10-15 сом;

Картөшкө — 28 сом;

Пияз — 14-16 сом;

Ун — 27-38 сом.

Copyright © 2017 Maral FM