Биз менен байланышыңыз

Бишкекте айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтүүдө

Кыска кабар | 7 Ноя 2021 | 383 | 0

Бүгүн, 7-ноябрда Бишкек шаарындагы Киев жана Исхак Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги жана Бишкек шаардык мэриясы тарабынан уюштурулган айыл чарба продукцияларынын жарманкеси өтүп жатат.

Жарманкеге жергиликтүү дыйкандардын өндүргөн продукциялары сатыкка коюлган.

Анда кышкы кыямдардан тарта, сүт азыктарына чейин табууга болот. Продукциялардын баасы базар баасынан арзан. Мисалы эттин баасы базардагы баадан 80 сомго арзан. Жарманке кечки саат 18:00гө чейин уланат.

Copyright © 2017 Maral FM