Connect with us

Бүгүн Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт (дареги, баалары)

Кыска кабар | 6 Мар 2021 | 1072 | 0

Бишкек шаарында кайрадан азык-түлүк жарманкеси өткөрүлөт.

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, кезектеги жарманке 2021-жылдын 6-7-март күндөрүндө өтөт.

Жарманкелер өтчү даректер:

1. Октябрь райондук администрациясы, 12-кичирайон, А.Токомбаев менен Н. Жетикашкаев көчөлөрүнүн кесилиши;

2. Биринчи май райондук администрациясы, И.Раззаков-Киев, Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде;

3. Свердлов райондук администрациясы, Т.Айтматов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

Алдыдагы жарманкедеги продукциялардын баалары:

  • Уй эти – 390-405 сом
  • Жылкы эти — 380-390 сом
  • Кой эти – 400-405 сом
  • Тоок эти – 200-210 сом
  • Суу май — 120-125 сом
  • Жумуртка 10 даана – 90-95 сом
  • Үй жумурткасы 10 даана — 90-100 сом
  • Кумшекер — 55-57 сом
  • Күрүч — 55-60 сом
  • Алма — 30-50 сом
  • Сабиз – 12-15 сом
  • Картөшкө — 22-25 сом
  • Пияз — 15-16 сом.

Copyright © 2017 Maral FM