Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда айыл чарба жарманкелери уюштурулууда

Кыска кабар | 27 Фев 2021 | 559 | 0

Баткен облусунда айыл чарба жарманкелери уюштурулууда. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жарманкелер өкмөттүн тапшырмасына ылайык Баткен облусунун район, шаарларында уюштурулуп жатат.

Анын негизги максаты: азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу, базар бааларын турукташтыруу, турмуш-тиричиликке зарыл болгон негизги товарларды калктын арзан баада алуусуна шарт түзүү.

Бүгүн, 27-февралда мындай жарманке Кызыл-Кыя шаарында өтүп, анда дыйкан-фермерлер, айыл чарба кооперативдери, айыл чарба продукцияларын кайра иштеткен ишканалар өндүрүмүн элге базар баасынан арзан сунушташты.

Мындай жарманкелер март айынын ичинде жума сайын уюштурулат. 5-мартта облустун борбору Баткен шаарында болот.

Copyright © 2017 Maral FM