Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Жалал-Абадда азык-түлүк жарманкеси өтөт

Кыска кабар | 13 Мар 2021 | 594 | 0

Бүгүн, 13-мартта Жалал-Абад шаарындагы «Береке» базарында азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жарманке шаар тургундарын арзан баадагы азык-түлүк менен камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

«Жарманкеде дыйкандар, ата мекендик өндүрүшчүлөр өздөрүнүн азыктарын базардан арзан наркта кардарларга алып чыгышат. Эт, май, ун, жашылча-жемиш өңдүү негизги керектелүүчү азыктар сатыкка чыгат», — деп айтылат маалыматта.

Жарманке эртең мененки саат 10:00дө башталып, баалар шаар бийлигинин көзөмөлүндө болот.

Copyright © 2017 Maral FM