Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаарында «Дыйкан» базары ачылды

Кыска кабар | 18 Авг 2021 | 1723 | 0

 Бүгүн, 18-августта Бишкек шаарында «Дыйкан» базарынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ачылышка «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилиги жана келечектеги сатуучу-ижарачылар катышты.

«Дыйкан» базарында товар сактоочу кампалар жана контейнерлер, ошондой эле оор жүк ташуучу жана жеңил унаа койгонго атайын жайлар даярдалган.

Негизинен айыл чарба өндүрүмү, азык-түлүк дүң жана чекене баада сатылат. Товардын сапаты тиешелүү мамлекеттик кызматтар тарабынан санитардык көзөмөлдөн өтүп турат.

Эскерте кетсек, «Дыйкан» базары «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын карамагына алынган. Андыктан ишкана соода орундарын берүү жана тейлөө иштерин өз алдынча жүргүзөт.

Copyright © 2017 Maral FM