Биз менен байланышыңыз

Тажикстан: 2020-жылы азык-түлүк 40%га кымбаттады

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Янв 2021 | 711 | 0

Тажикстанда 2020-жылы айрым товарлар 42 %га чейин кымбаттаган.

Өлкөнүн Статистика агенттигинин маалыматы боюнча, 2020-жылы баалардын өсүшү байкалган:

  • өсүмдүк майы — 42,2%;
  • кумшекер — 40,7%;
  • картошка — 19,8%;
  • тооктун жумурткасы — 18,9%;
  • нан — 13 , 8%;
  • эт — 5,7%;
  • мөмө-жемиш — 4,7%;
  • сүт — 4,3%;
  • лимон — 24,3%.

Көптөгөн азык-түлүктүн баасы жалпысынан 13 пайызга жогорулаган.

2020-жылдын аягында Тажикстанда өнөр жай товарларына баалар 5,8 %га көтөрүлгөн.

«Баарынан да гигиена каражаттары, курулуш материалдары, дары-дармектер, кездемелер, кийим-кече жана бут кийим кымбаттады», — деп билдирет агенттик.

Мекеме өткөн жылы инфляциянын жалпы деңгээли пландалган 7 %дын ордуна 9,4 % га жеткенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM