Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги «Сары-Өзөн» базары толугу менен мамлекеттин карамагына өттү

Кыска кабар | 17 Авг 2021 | 1682 | 0

Бишкектеги «Сары-Өзөн — Дыйкан» базары толугу менен мамлекеттин карамагына өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мирлан Бакиров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, «Сары-Өзөн — Дыйкан» базарынын 3 гектар жерин жана активдерин мамлекетке өткөрүү боюнча Жогорку Сот чечим чыгарган.

«Учурда инвентаризация процедурасы жүрүүдө. Алдыда базардагы бардык төлөмдөр өлкөнүн бюджетине түшүп турат», — дейт ал.

Бакиров бүгүнкү күндө сотто каралып жаткан дагы башка объектилер бар экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM