Биз менен байланышыңыз

Мирлан Бакиров: Улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси дайындала элек

Блог , Маек | 14 Дек 2021 | 6397 | 0

Финансы министрлигинин алдында 13-декабрда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы түзүлдү. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Холдинг компания түзүүнүн негизги максаты эл аралык тажрыйбалар аркылуу жер казынасын пайдалануу жана бул багыттагы экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекеттик ресурстарды жогорку деңгээлде топтоштурган түзүм уюштуруу болуп санала тургандыгы айтылды. Компаниянын түзүлүүсү жана максаты боюнча Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров менен маек курдук.

— Мирлан мырза, «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясы кандай иштерди алып барат жана негизи максаты кандай? 

— «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясын түзүү боюнча долбоор ушул жылдын 10-декабрында Министрлер кабинети тарабынан жактырылып, токтом кабыл алынган. Аты айтып тургандай, ата-бабадан калган мурас — кыргыз элинин тоо-кен тармагындагы байлыктары. Негизинен ушул багытта иш алып барат. Буга чейин президент Садыр Жапаров белгилеп кеткендей, тоо-кен тармагындагы кээ бир лицензиялар оңго-солго берилип, кыргыздын пайдасына иштебей келген. Экономиканын негизги локомативдеринин бири — бул тоо-кен тармагы. Мына ошол жакты иретке келтирүү менен Улуттук компаниянын башкаруусунда, көзөмөлүндө иштетип, Кыргызстандын экономикасын ачык-айкын көтөрүү максатында түзүлдү.

Азыр бул уюштурулганы менен алдыда башкаруу органдары түзүлүп, уставы бекитилиши керек. Бул боюнча жаңылыктарды массалык маалымат каражаттары аркылуу алып турууга болот. Бул ишти жарлыгы жаңы эле чыгып, там-туң басып турган убагы десек болот.

— Холдинг жалпы кен байлыктарды камтыйбы?

— Ооба, негизинен кен байлыктар тармагында.

— 30-ноябрда Лондондо MINEX Eurasia-2021 тоо-кен тармагы боюнча эл аралык конференция болуп өткөн. Ага «Кумтөрдүн» тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк катышкан. Ушул иш-чаранын сайтында Тенгиз Бөлтүрүк сөз болуп жаткан «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» (Great Nomads Heritage) компаниясынын жетекчиси катары көрсөтүлүп, тоо-кен тармагына инвестиция салуу боюнча баяндама жасаганы жазылган. Ошондо жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк болуп калабы?

— Ал боюнча бул жерде эч кандай тактама жазылган эмес. Мен айткандай, бул жерде Министрлер кабинети 100% акционер. Ошондуктан аны Министрлер кабинети өзүнүн чечими менен бекитет.

— Азырынча жетекчиси дайындала элекпи ошондо?

Жок, дайындала элек.

— Маегиңиз үчүн ырахмат!

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинги тоо-кен тармагына реформа жасайт

Copyright © 2017 Maral FM