Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка кечээ, 30-мартта премьер-министр Улукбек Марипов кол койду. Бакировдун жаңы кызматка дайындалышы коомчулукта кызуу талкууларды жана нааразычылыктарды жаратууда. Майлуу-сүттү деп айтылып келген Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна Бакировдун келишинин мааниси кандай? Алдыда кененирээк токтолобуз.
Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду чарба жүргүзүү укугуна ээ, уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет. Ал обочолонгон мүлккө ээлик кылып, өз ишин толук чарбалык эсептин негизинде жүргүзөт. Ишкананын өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби жана финансы-кредиттик мекемелерде башка эсептери бар. Ишкананын ишинин негизги максаты пайда табуу жана соттун чечимдери менен мамлекеттин менчигине өткөн конфискацияланган объекттердин базасында мамлекеттик бюджетти толтуруу болуп саналат.
Бирок, аталган фонддо канча мамлекеттик мүлк бар экени, ким башкарып, ижарага кандай жолдор менен бериле турганы көпчүлүккө белгисиз болгондуктан коррупциялык иштер, ар кандай күмөндөр чыга берет деп эсептейт саясат талдоочу Айданбек Акматов.
Анын айтымында, аталган кызматка Мирлан Бакировдун жетекчи болуп келишине анын президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тилин таап, алар тарапка оошу себеп болгон.
«Мирлан Бакировдун репутациясына келе турган болсок, ал азыр коррупцияга шектелип камакта жаткан Раимбек Матраимовдун алдына «куурчак» кылып коюп алган кадры болчу. Ошол кишини көтөрүп, Мамлекеттик мүлк фондуна алып барганы эл тарабынан тескери кабыл алынып жатканы түшүнүктүү. Менин оюмча, Бакиров менен Матраимов алда качан эле алакасын үзсө керек. Алар бийлик кайсы тарапта болсо, ошол тарапка ооп кетишет. Ал президент Садыр Жапаров же УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен сүйлөшүүнүн ыгын таап, алар тарапка өттү да, мына ошолор дайындады».
Мамлекеттик мүлк фондунун карамагында 100дөн ашык ишкана бар. Расмий маалыматка ылайык, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик мүлктү башкаруудан бюджетке түшкөн сумманын жалпы көлөмү 2,4 миллиард сомду түзгөн. Саясат талдоочу Алмаз Тажыбайдын пикиринде, фондго жетекчи болуп дайындалган кишини бийлик кандайдыр бир ресурс катары колдонушу мүмкүн. Анткени коомчулукка ачык көрүнбөгөнү менен Мамлекеттик мүлк фонду эң бай уюм болуп саналат.
«Бул бир жагынан көрүнбөгөнү менен эң бай уюм болуп саналат. Бул фондго мамлекеттик ишканалар, мамлекеттик ишканалардын акциялары кирет. Ошондуктан саясий элитанын же саясий топтордун өз кишилерин ордуна койгонго дагы кандайдыр бир капитал болуп саналат. Саясий элита шайлоолордо утуу үчүн, өзүнүн туруктуулугу үчүн эң маанилүү мамлекеттик органдарды тейлейт».
Жарандык активист Семетей Талас уулу мамлекеттин менчигинде көптөгөн имараттар бош жаткандыктан, аталган кызматка аларды натыйжалуу иштеткен кадр керек деп эсептейт.
«Мамлекеттик мүлк фонду ээлик кылган, буга чейин ит бекер сатылбай калган имараттар көп. Аларды же иштеткенге ижарага берилбейт. Булардын мүлктөрү аңгырап бош жатат. Бош жаткандан кийин анын баарын эффективдүү иштеткен башчы керек. Буга чейин эффективдүү иштетейин дегендерге эле Өкмөттөн бут тосуулар болуп келген. Жаңы дайындалган башчы ал жакка барып деле эч бир ийгилик көргөзбөсө керек. Дагы бир мамлекеттик мүлктү арзаныраак эле бирөөлөргө берип жибербесе, башка байкаларлык көрсөткүч деле көрсөтпөсө керек».
Ал эми саясат талдоочу Сейтек Качкынбайдын пикиринде, азыркы учурда мамлекетке таандык жүздөн ашык ишкананын жок дегенде 52син жеке менчикке берсе, рентабелдүү болмок. Менчикке берүү дегенде, бекер эле бирөөгө карматып коюу эмес, ачык аукционго койсо, кааласа ички инвесторлор, каалса сырткы инвесторлор сатып алат. Экинчи түрү, мүлк мамлекеттин эсебинде калат, ал эми башкарууну чет өлкөгө берет.
«Мисалы «Манас» эл аралык аэропортун «Ачык асман» долбооруна киргизсе деле билеттер арзандап, каттамдар көбөйүп кеткен жок. Мындан да жакшы болушу үчүн аны тышкы башкарууга бериши керек болот. Андан сырткары мамлекеттин «Ысык-Көл», «Аврора» деген мейманканалары бар. «Ысык-Көл» банкрот болсо, «Аврора» өзүн өзү жаап эле, пайдасы жок болуп калат дейт. Аларды да тышкы башкарууга берүү керек. Ушуга окшогон ишканалар толтура. Андан сырткары «Кыргыз тамекиси» жана «Кыргыз табак» деген эки малекеттик ишкана бар. Кыргызстан тамеки өстүрбөй калганына 20 жылдан ашты. Бирок эки мамлекеттик ишкана тең жетекчилери, орун басарлары, адистери, «шопурлары» 35 миң сомдон кем эмес айлык алат. Ушуга окшогон иштебеген, ашыкча, бирин-бири кайталаган ишканаларды жоюу керек».
Эгерде 2018-жылга чейин мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн киреше 100 миллион сомго жетпеген сумманы түзгөн болсо, 2019-жылы бул сумма биринчи жолу 191 млн сомго жеткен. Фонддун мурунку башчысы Жылдызбек Исакулов ушул жылдын февралында кызматтан кеткен. Аталган мекеменин башчысынын милдетин убактылуу төраганын орун басары Ишенбек Медетов аткарып турган.
Мирлан Бакиров 2015-жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Алты жылга созулган VI чакырылышта вице-спикер кызматын аркалап, өткөн жылдын 23-декабрында гана өз арызы менен кызматтан кеткен. Ал 2020-жылдын октябрь айында өтүп, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун «Мекеним Кыргызстан» партиясын жетектеп барган.