Биз менен байланышыңыз

«Мекеним Кыргызстан» менен «Табылга» партиялары кошулду

Кыска кабар | 15 Авг 2020 | 976 | 0

«Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров менен «Табылга» партиясынын лидери Туратбек Акимканов биргеликте иш алып баруу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу «Мекеним Кыргызстан» партиясынын штабы кабарлады.

«Табылга» партиясы негизинен Ысык-Көл облусунун активисттери тарабынан негизделген. 2016-жылы мартта Каракол шаардык кеңешине шайлоодо 28,76% пайыз добуш менен биринчи орунду алган, ошол эле жылы декабрда өткөн Чолпон-Ата шаардык кеңешине шайлоодо 26,75%, добушка ээ болгон.

Жакында эле «Мекеним Кыргызстанга» «Бирик» партиясы кошулган.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы 2015-жылы түзүлгөн. Аны парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров жетектеп баратат. Партия 13-августтагы саясий кеңешинин жыйынынан тартылган сүрөттү социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Анда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матраимовду, «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиевди, «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаровду көрүүгө болот. «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынын съезди 19-августта өтөт.

Өлкөдө парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Саясий партиялар 20-августка чейин съезддерин өткөрүшү зарыл. 24-августка чейин партиялар талапкерлердин тизмесин БШКга бериши керек. Үгүт иштери 4-сентябрдан 3-октябрга чейин өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM