Биз менен байланышыңыз

Депутаттардын санын 2 эсеге кыскартабыз деген “Мекеним Кыргызстан”

Саясат , Шайлоо-2020 | 18 Сен 2020 | 1221 | 0

Социалдык тармакта, теледе, жол боюндагы жарнактарда, жада калса жүк ташуучу унааларга да урааны чапталып, бүт жерден көзгө урунган партия “Мекеним Кыргызстан”. Жогоруда айтылгандардын баары көп чыгым талап кылган иштер экени сизге да маалым. Биз бүгүн бул шайлоодогу эң бай партиялардын бири “Мекеним Кыргызстан” жөнүндө сөз кылалы.

Бул партия  үгүт ишин “Биз амбициялуу убадалардан алыспыз” деп баштады. Бир өлкөдө бир салык болушу керек, 120 депутатты азайтуу деген сыяктуу убадаларды беришүүдө.

Партиянын мүчөсү Марлен Маматалиевдин айтымында, “Мекеним Кыргызстан” жаңы жүздөрдөн куралган:

-Биздин партия жаңы жүздөрдөн куралган. Коомчулук каалагандай жаңы жүздөр, жаңы муундар келсин деген элдин талабы менен жаңы партиялар түзүлүп жатат.                                          

Ооба, «Мекеним Кыргызстан» парламенттик шайлоого алгач ирет катышып жатат. Бирок партиянын курамынан мурун депутат болгондордун көбүн эле көрүүгө болот. Тагыраагы, бул партиянын атынан БШКдан каттоодон өткөн 200 талапкердин 16сы 6-чакырылыштагы парламенттин депутаты болгон.

«Мекеним Кыргызстан» cаясий партиясынын шайлоо алдындагы убадаларына токтолсок:

Бул партия бийликке келсе депутаттардын санын 2 эсеге кыскартууга убада берүүдө. Муну менен бюджеттик чыгашаны бир топко үнөмдөсө болору айтылган.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы мамлекеттик башкарууда көп функционалдуулук принцибин колдойт. Вице-премьерлер менен тармактык министрликтердин башчыларынын функцияларын бириктиргиси келет.

Башка партиялардай эле, медицина тармагындагы көйгөйлөрдү жоюуну максат кылат.

Билим тармагында болсо, аталган партия ишкерлер менен өнөктөштүк аркылуу эки тарапка тең пайдалуу келишимде жаңы мектептерди курууну көздөйт. Ошондой эле, майда мектептерди курууга караганда «Мектеп автобусу» деген улуттук программа иштеп чыгуу менен окуучуларды жакын жердеги башка чоңураак мектептерге ташуу саясатына өтүү керектигин белгилейт.

Маданият менен искусствого да мамлекет тарабынан колдоону күчөтүү керектигин айтышууда.

Ал эми бизнес тармагын алсак, 2025-жылы Doing Business-2020 рейтингинде Кыргызстанды алгачкы «жыйырмалыкка» жеткирүүнү максат кылат. Учурда Кыргызстан бул рейтингде 80-орунду ээлеп, бир жылда он позиция артка кеткен.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөнү дүйнө менен байланыштырган IT-хабга батыраак айлантуу үчүн бир нече идеяларын сунуштаган. Ошондой эле мамлекетти жашылдандырууга да басым жасоого, айыл-чарба өндүрүштөрүн колдоочу программаларды ишке киргизүүгө убада берүүдө. Партиянын айтымында, ар бир облусту өнүктүрүү үчүн өзүнчө долбоорлор даярдалган.

Бул партия аймактардагы жеке турак-жай курулушун өнүктүрүүнү колдойт. Ал эми негизги шаарлар болгон Бишкек менен Ошто мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында мугалим жана дарыгерлер үчүн эки жыл аралыгында экиден көп кабаттуу үйлөрдү куруу сунушун киргизүүдө.

Тышкы саясат боюнча «Мекеним Кыргызстан» евразиялык жана терең региондук интеграцияга багытталган стратегиялык курсту колдойт.

Бажы көзөмөлү менен салык кызматындагы процесстерди ачык кылып, коррупцияга каршы күрөшөрүн айтууда. Жана 2025-жылга чейин мамлекеттик кызмат көрсөтүү тармагын толугу менен санариптештирүүгө убада кылууда.

Чек ара боюнча мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча комиссия туруктуу иштеши керектиги жазылган. Бул маселеде мында башка ачык сунуштар камтылган эмес.

Ал эми инфраструктураны өнүктүрүүдө Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун тездетүүнү колдойт.

«Мекеним Кыргызстан» партиясы «Бир өлкө – бир салык» принцибин киргизүүнү максат кылат. Башкача айтканда, бардык салыктарды жоюп, ишкерлик жүгүртүүгө салынган бир гана салыкты калтыргысы келет.

Административдик-аймактык реформаны алсак, беш жыл аралыгында облустарды жоюп, райондорду ирилештирүү жана республика – аймак – айылдан турган үч баскычтуу башкарууга өтүүнү каалайт.

Белгилей кетсек, «Мекеним Кыргызстан» партиясында аты чуулгандуу окуяларга аралашкан депутатынан баштап, дипломат, мушкер, журналист жана мамлекеттик кызматкерлерди кезиктирүүгө болот.

Эсиңиздерге салсак, биз буга чейин:

“Ата Мекен”;

“Бир Бол”;

“Биримдик”;

“Бүтүн Кыргызстан”;

“Замандаш”;

“Кыргызстан” партияларынын программаларын талкуулап, өзгөчө убадаларына токтолгонбуз.

Copyright © 2017 Maral FM