Connect with us

Катаал тартип орноткусу келген “Бүтүн Кыргызстан” партиясы

Саясат , Шайлоо-2020 | 16 Сен 2020 | 2509 | 0

Саясатчы Адахан Мадумаров лидерлик кылган “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы нары-бери болуп жатып, Борбордук шайлоо комиссиясын сотко берип, шайлоого башка партиялардан айырмаланып,  тизмеге бир жума кечигип кошулду.

Шайлоо дегенде чуулуу элес калтырган «Бүтүн Кыргызстандын» партия болуп түптөлгөнүнө 15 жылга чамалады. Партия лидери Адахан Мадумаровдун айтымында, бул партия баарын союз заманына кайтаргысы келет.

-Мурдараак темирдей тартип десек, «Мадумаров өзүнүн диктатурасын орноткусу келиптир» деп баары күлүшкөн болчу. Азыр болсо, баары эле биздин «темирдей тартип» программасын колдоп жатышат. Союздун деңгээлине кайтыш керек деген жалгыз «Бүтүн Кыргызстан» болгон. Бүгүнкү күндө баары эле билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагын союз заманындагыдай кылып өзгөртүү идеяларын колдонуп чыгышты,- дейт Адахан Мадумаров. 

Бул партиянын катарында жаштар да болгону менен, башка партияларга салыштырмалуу мурун саясаттын чордонунда жүргөн саясатчылардын саны арбын.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын шайлоо алдындагы программасын карай турган болсок, 10 пункттан турат.

Биринчи бөлүмдө партиянын негизги максаты катары айтылгандай, “Бүтүн Кыргызстан” мамлекетти экономикасы жетишкен, илимдүү, билимдүү, маданияттуу өлкөгө айландыргысы келет.

Мамлекеттик түзүлүш боюнча алсак, партия Жогорку Кенеш 60 депутаттан турушу керектигин, ар бир айыл округунун, райондук, облустук жана республикалык маанидеги шаарлардын өкүлдөрүнөн куралган Курултай түзүлүш керектигин айтат.

Экономика чөйрөсүндөгү саясатка келсек, булар Кыргызстан башка өлкөдөн электр энергиясын алуучу эмес, аларга сатуучу өлкө болушун каалайт. Бизнес тармагына болгон кысымды кыскартып, өлкөнүн Ички дүң продукциясын өстүрүүгө убада кылышууда. Бирок канча пайызга экенин так көрсөткөн эмес.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүн күчөткүсү келет. Көзкарандысыздыкты жана аймактык бүтүндүктү толук кандуу коргоо үчүн ЖККУ, ШКУ сыяктуу коопсуздук боюнча эл  аралык уюмдарда Кыргызстандын позициясы колдойт.

Ал эми тышкы саясат боюнча алсак, Кыргызстандын  келечеги КМШ өлкөлөрү, ЕврАзЭс, Бажы биримдиги менен экенин айткысы келген.

Социалдык саясат жана маданият боюнча башында айтылгандай эле, «Бүтүн Кыргызстан» партиясы баарына бирдей билим алып, бирдей дарыланууга шарт түзгөн социализм болушун каалайт.

Билим берүү тармагында «Улуттук» деген статус берүү менен 7 университет түзүп, анда студенттерди мамлекеттин каржылоосу менен окутуш керек дейт. Ошондо бүтүрүүчүлөр мамлекет жөнөткөн жерде 3 жыл иштеп берүүгө милдеттүү болушарын айтат.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясы жаштарга басым жасай турганын, элдин бүтүндүгү үчүн иш алып барарын кошумчалашууда.

Эң көп мигрант колдоочулары бар бул партия, миграциянын агымын аймактарда жумуш ордун көбөйтүү менен чечүүнү көздөйт.

Кыскасы, “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы өлкөдө “катаал” тартипти орнотуп, социалдык башкарууну жанданткысы келет.

Эсиңиздерге салсак, биз буга чейин:

“Ата Мекен”;

“Бир Бол”;

“Биримдик”;

“Замандаш” партияларынын программаларын талкуулап, өзгөчө убадаларына токтолгонбуз.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын алдыңкы курамында кимдер бар? (тизме)

Copyright © 2017 Maral FM