Биз менен байланышыңыз

«Биримдик» — калктын кирешесин кантип көтөрүүнү билген жалгыз партия

Саясат , Шайлоо-2020 | 10 Сен 2020 | 1879 | 0

Биз парламенттик шайлоого аттанган партиялардын программалары менен тааныштырууну улантабыз.

Эсиңиздерде болсо, буга чейин “Ата Мекен” жана “Бир Бол” саясий партияларынын шайлоо алдындагы убадаларына токтолгонбуз.

Бүгүн “Биримдик” партиясы кандай программаны карманып, кандай убадалар менен элди үгүттөп жатканына көз чаптыралы.

«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо саясий партиясы башкы максаты катары Кыргызстандагы бардык жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо экендигин айтууда.

“Биримдиктин” саясатынын ѳзѳгүн социалдык адилеттүүлүк принциби түзѳт.

“Биримдик” партиясы жарандардын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кылган социалдык мамлекетти курууну максат кылат.

“Биримдиктин” бул максаттары Орусиянын “Единая Россия” партиясын эске салат экен. Кыргызча айтканда кичине башкача угулары анык, ал эми орусча алганда сүйлөмдөрү окшош экенин байкай аласыз. Балким программаны түзгөндөрдүн ою окшош болгон чыгар.

Чү дегенде эле “Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү” деген лозунгду колдонгон «Биримдик» партиясы шайлоо программаларында «Евразиялык тандоо» деген тезисти пропаганда кылууда. Бирок бул чакырыкка катардагы шайлоочуларды мындай кой, саясатты майдасына чейин чайнап жуткан саясат талдоочулар да толугу менен түшүнбөй баш катырышууда.

Программасында жазылгандай, евразиялык тандоо –бул аймактарды, этникалык топторду жана алардын маданиятын бириктире турган идея. Бул интернационализмге жана элдердин достугуна негизделген кызматташтык.

“Биримдик” партиясы программасын 8 темага бөлгөн:

  1. Өнүккөн билим, илим жана маданият— Заманбап билим берүүгө басым жасагандыктан билим берүү тармагын жалпы модернизациялоонун зарылдыгын жактайт.
  2. Жеткиликтүү медицинаБиримдик” партиясы бул тармактагы жемкордук менен күрөшүү ниетин билдирген.

3.Сапаттуу социалдык саясатПартиянын максаты эмгек миграциясын азайтуу

  1. Экономика — «Кыргызстанга экономикалык өсүштү тездетүүчү ѳз жолун таба турган мезгил келди» деп жазган «Биримдик”. Ошондой эле жумушсуздук көйгөйүн чечүү программаларын сунуш кылган.
  2. Акыйкат сот иши — Бул тармакта коррупция менен күрөшүп, судьялардын мыйзам алдында жана эл алдында жоопкерчилигин камсыз кылууну талап кыларын айтууда.
  3. Маалыматтык технологиялар жана электрондук өкмөт — Санариптештирүүнү жана электрондук мамлекетти өнүктүрүүнү колдойт
  4. Айлана-чөйрөнү коргоо — Заманбап “жашыл” технологияларды жайылтууну каалайт
  5. Тышкы саясат — Партиянын тышкы саясаттагы негизги милдети өлкөнүн ичтен ийгиликтүү өнүгүүсү жана анын жарандарынын жыргалчылыгы  үчүн жагымдуу шарттарды камсыз кылуу. Ошондуктан өз ара кызыкчылык болгон өлкөлөр менен экономикалык, саясий жана маданий байланыштарды кеңейтүүгө ниеттенет.

Партиянын программасынын ичинен өздөрү басым жасап жаткан социалдык теңдикке токтололу.

«Бүгүнкү күндө биз – калктын кирешесин кантип көтөрүүнү билген жалгыз партиябыз» деген “Биримдик” партиясы бул үчүн эч ким билбеген кайсы ыкманы колдонмокчу?

Партиянын айтымында, буга чейин согуштан кийин бат бутуна турган Германия, Япония, Түштүк Корея өлкөлөрүндө жана заманбап мамлекет катары Кытай менен Малайзияда натыйжа берип, өзүн көрсөтө алган так, анык болгон экономикалык программа колдонулат.

Муну менен учурда калктын жашоо минимумун түзгөн 78 пайыз көрсөткүчтү 5 жыл аралыгында 10-15 пайызга түшүрүүгө убада кылууда.

Баса, “Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү” экенин белгилеп жаткан “Биримдик” партиясынын сайты азырынча ишке кире элек. Көптөн бери “жакында” деп жазуусу бажырайган жеке сайттын жакыны качан экени азырынча белгисиз.

Буга байланыштуу партиянын пресс-кызматынан алган, Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган маалыматтарды колдонуу менен “Биримдик” партиясынын убадаларына учкай токтолдук.

Биз кийинки күндөрү парламентке аттанган башка партиялардын да программаларына байкоо жүргүзүп, өзгөчө убадаларын сиздерге сунуштайбыз.

Copyright © 2017 Maral FM