Биз менен байланышыңыз

Жаштарды канатына алган «Бир Болдун» келерки беш жылдык программасы

Кыска кабар , Шайлоо-2020 | 8 Сен 2020 | 1150 | 0

4-октябрда өтө турган шайлоого катышып жаткан партиялардын программасы менен тааныштырууну баштадык. Биз алгач “Ата Мекен” партиясынын алдыдагы максаттары менен тааныштырдык. Кезек шайлоого оппозициялык маанай менен аттанган партиялардын бири “Бир Болдун” максаттарын баяндоого келди. Бул партия өзүнүн съездинде оппозициябыз деп жарыялап, бийлик менен позициясы келишпестигин билдирген.

Анын лидери Алтынбек Сулайманов акыркы учурда жаштарга басым жасап, алардын бийликке келишин колдоп жүрөт. Ага далили катары шайлоого аттанган талапкерлеринин тизмесинин алдыңкы сабын жаштарга бергенин көрсөттү. Өзү муну мындайча түшүндүрдү:

— Убакыт келди: билимдүүлөргө, ушундай таза инсандарга жол бошото турган. Биз аларды өзүбүз алып чыкпасак, алар эч качан келбейт экен.

Сулайманов бир эле саясат багытында эмес, дүйнөлүк тренддеги челендждерден, жаштар басым жасап жаткан вайн тартууга дагы шыгы бардыгын көрсөтөт.

Анын бири тамашоучу, актер Эмил Эсеналиев менен бирге тарткан видеоролиги. Сулайманов анда жол эрежесин бузбай айдап бара жатканда Эсеналиев чала спортчулардын образында анын жолун тороп, коркутууну каалайт. Бирок машинаны айдап бара жаткан Алтынбек Сулайманов экенин көргөндө, эл арасында кеп болуп жүргөн “Челюсть” деген каймана аты менен кайрылат.

Бул ролик коомчулукка кенен жайылып, ар түрдүү пикирлер айтылып жатат. Арасында Сулаймановдун акыркы жылдардагы жаштарга болгон мамилеси да козголууда.

Сулаймановдун командасы бул жолку шайлоодо элге эмне деп, кандай убадаларды берип жатканын төмөндө баяндап беребиз.

Эң эле алгач басым жасай турган тармак – экономика. Партиянын номур биринчи тапшырмасы экономиканы өнүктүрүү болуп саналат. Ал эми майдалап айтканда:

— Фискалдуу отчеттуулук системасын жөнөкөйлөштүрүп, текшерүү органдарын эң аздагы санга кыскартуу

-Финполиция, Салык кызматы жана Бажы кызматтарын бир эле Мамлекеттик кирешелер комитетине айландыруу

Партия ошондой эле кичи бизнеске да жардам бергиси келерин билдирет. Ал үчүн жылына 8 миллион сомго чейинки акча айландырган ишкерлерди салыктан жана патенттен бошотот.

Экономикалык багытта туристтик өнүктүрүү дагы бар. Ал үчүн “бирболчулар” тазалык ажатканадан башталат деген принципти колдоп, өлкө боюнча “даараткана революциясынан” баштарын айтат. 

Партиянын номур экинчи максаты – региондорго бийликти кайтарып берүү. Мамалекеттик башкаруу системасында кординалдуу реформаларды жасоо. Ал үчүн биринчи кезекте райондорду бириктирип, облустарды жоюу менен бирге Өкмөттүн аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлү, райондук аким деген кызматын жок кылабыз деп билдирет. Ал эми айылдык кеңештин тандоосу менен дайындалган Айыл өкмөт башчысы ошол эле бойдон калып, мурдагыдай эле жол менен дайындалат. Бирок, “айыл өкмөт башчысы” эмес, “болуш” деп аталат.

Ал эми шайлоо тууралуу козгогон кебинде, шайлоочулардын укугу кеңейтилип, партия менен бирге кандидатты да тандоого мүмкүнчүлүк түзүп берет. А шаарлардын жашоочулары үчүн жаңы мүмкүнчүлүк – мэрлерди ар бир шаар тургуну шайлай алат.

Номур үч жана номур төртүнчү план менен “Бир Бол” адилеттүүлүктү, коопсуздукту баарына бирдей камсыздоо менен билим берүү тармагында реформа кылат.

Мисалы, соттук процестер буга чейин кээ бирлери жабык каралып, айрымдары ачык дегени менен маалымат каражаттарын киргизбей келсе, “бирболчулардын” пикири боюнча бардык соттук отурумдар ачык өтүп, онлайн чагылдырылып турат.

Билим берүү тармагында эң эле баштапкысы – ар бир мектеп директорун ата-энелер жана окуучулар тандашына жол ачылат. А мугалимдердин айлык маянасын эки эсе көтөрүп, бардык мектептерди интернет менен камсыз кылат.

Акыркы жылдары глобалдуу маселеге айланып келаткан экология боюнча партия мындай пикир билдирди:

1.Калк жашаган аймактарда жашылдандыруу иштерин жүргүзүү жана аны сактап калуу боюнча мыйзам кабыл алуу.

2.Кыргызстанды пластиктен тазалоо: өлкөдө пластикалык баштактарды сатууга тыюу салуу, жана башкалар.

Биз өзгөчөлөнгөн, орчундуу жана реалдуу убаларга токтолуп, ал жөнүндө кеп кылдык. “Бир Бол” партиясынын калган убадалары “салтка” ылайык, мурдагы шайлоолордо дагы берилип, башка партиялар да айтып келаткандыктан козголбоду.

Биз мындан ары калган партиялардын дагы “салтка” ылайык эмес, өзгөчөлөнгөн убадаларын сиздер менен тааныштырууну улантабыз.   

Copyright © 2017 Maral FM