Биз менен байланышыңыз

“Ата Мекен” босого баллды ылдыйлатып, президенттин бийлигин кыскарткысы келет

Саясат , Шайлоо-2020 | 8 Сен 2020 | 982 | 0

Кыргызстандагы парламенттик шайлоодо 15 партия менен 1912 жаран депутаттык үчүн аттанды. Жарышка чыккан партиялар бул шайлоого өзгөчө программа, жаңы идеялар менен жөнөгөнүн айтышууда. А бирок коомчулуктун арасында, “баягылар эле кайра баштады” деген сындар да арбын.

Сиз шайлоо алдында талапкерлердин убадаларына көңүл бурасызбы? Партиялар кандай убадаларды берип жатканына кызыгып көрдүңүзбү?

Биз парламентке аттанган партиялардын учурдагы көзгө көрүнгөн, урунттуу программаларына кыскача байкоо жүргүздүк.

Азырынча партиялардын канчанчы номер менен шайлоого катышары белгисиз болгондуктан, алфавит менен карап баштадык. Бүгүн, А тамгасынан башталган “Ата Мекен” партиясынын программасын карап чыгалы.

Саясий реформалар боюнча:

— Конституцияны элге кайтарып берүү. Конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү. Премьер-министрди реалдуу ыйгарым укуктарга жана жеке жоопкерчиликке ээ кылуу менен президентти өкмөттүн, соттун ишине аралашпаган арбитр сыяктуу калтырууну көздөйт.

-Шайлоо босогосун 3 пайызга чейин төмөндөтүү. Партия мындай чечим аркылуу жаш жана каржысы аз болгон партиялардын да келүүсүнө шарт түзүп, укуктарын теңдөөнү каалайт.

-Бийликтин бардык бутактарынын ишине элдик контролдоо механизмин киргизүү. Парламент кабыл алган мыйзамдарга вето коюу укугу элде болушу керек.

Ал эми административдик реформаларына көз чаптырсак:

-Бул партия чиновниктер армиясын 3 жыл аралыгында 30 пайызга кыскартуу менен башкаруудагы тең салмактуулукту түзүүнү көздөшөт.

-Административдик — аймактык реформаны ишке ашыруу. Дал ушул максатты башка партиялардан да көрүүгө болот.

Ошондой эле “Ата-Мекен” партиясы экономиканы көтөрүү жана социалдык маселелерди чечүү үчүн кандай убадаларды берди?

—  Улуттук өндүрүмдү колдоп, аялдар ишкерлигине басым жасоо;

-“Чакан бизнес — ар бир үй-бүлө үчүн” долбоорун иштеп чыгуу;

—  Учурда Кыргызстанды кызыктырып турган “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун Балыкчыга чыгуу мүмкүнчүлүгү менен Торугарт-Жалал-Абад курулушун баштоого “Ата Мекен” да кызыкдар. Бул долбоорду Кыргызстандын кызыкчылыгына чечейин деген ниети бар.

-Мындан сырткары, ар бир үйгө сапаттуу, дээрлик бекер болгон интернетти жеткирүүнү да убада кылууда.

-Партиянын дагы бир убадасы: ар бир адамга 18 чарчы метр турак-жай. Мындай чечим кошуналарга салыштырганда кыргызстандыктарды турак-жай менен камсыз кылуу көрсөткүчүн көтөрөт.

-Жаңы конуштарды көгүлтүр от менен камсыз кылгысы келет. Муну менен массивдер аз кабаттуу үйлөрдүн престиждүү шаарчасына айланмакчы.

Саламаттыкты сактоо системасындагы муктаждыктарга болгон мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын, ички дүң продукцияларын 8 пайызга чейин көбөйтүүнү максат кылат. Албетте, акыркы жагдайлар медицина тармагы маанилүү экенин көрсөттү. Анын үстүнө коронавирус пандемиясы өлкөдөгү Саламаттыкты сактоо системасы “талкаланып калганын” бетке урду. Бул тармактагы убадалар дээрлик ар бир партиянын убадаларынын тизмесинде бар.

Алардын катарында “Ата Мекен” партиясы да медицина кызматкерлеринин айлык акысын көтөрүп, алар үчүн социалдык турак жай куруу боюнча мамлекеттик программаны кабыл алгысы келет.

-Ошондой эле, партия дары-дармек мафиясын толугу менен жок кылууну көздөйт. Дарылар элге жеткиликтүү болуп, алардын баасы мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынышы керектиги белгилейт.

Ал эми укук коргоо жаатында кандай иштерди аткарат деген суроого, ИИМ, УКМК тармактарын жарандык-укуктук көзмөлгө алабыз деп жооп беришкен. Бажы менен салык системаларын толугу менен фискалдаштырууну каалайт.

Чек ара маселеси боюнча Баткен облусуна “өзгөчө экономикалык аймак” макамын берүүнү көздөйт. Өзбекстан жана Тажикстан менен  чек араны делимитация жана демаркациялоо иштерин да тездеткиси келет.

Биз“Ата-Мекен” саясий партиясынын убадаларынын айрымдарын гана карадык.

Парламенттик шайлоого аттанган партиялардын ар бирин карап, алардын азыркы программаларына, элди өзүнө тарткан убадаларына токтолобуз. Партиялардын катары алфавит менен тандалып алынды. Кийинки күндөрү башка партиялардын шайлоо алдындагы убадалары менен тааныша аласыз.

Copyright © 2017 Maral FM