Биз менен байланышыңыз

“Замандаштын” программасы: электромобилдер, IT-парк, $15 млрд ИДП

Саясат , Шайлоо-2020 | 10 Сен 2020 | 1256 | 0

Парламентке аттанган саясий партиялар элди үгүттөө үчүн кандай убадаларды берүүдө? Шайлоо алдындагы программалары канчалык реалдуулукка жакын?

Биз 7-чакырылыштагы парламент мүчөсү болгусу келген саясий партиялардын программалары менен тааныштырууну улантабыз. Эсиңиздерге салсак, буга чейин “Ата Мекен”, “Бир Бол” жана “Биримдик” саясий партияларынын шайлоо алдындагы убадаларына токтолгонбуз. Кезекте “Замандаш” партиясы.

2003-жылы сырттагы мигранттарга жардам берүү үчүн фонд болуп түзүлүп, 2007-жылы “Замандаш” саясий партия болуп түптөлгөн.

Бул партия да башкалар сыяктуу эле Кыргызстанда конституциялык өзгөртүү кылыш керектигин белгилейт:

«Президенттин ыйгарым укуктарын премьер-министрге берүү менен парламентти күчтөндүрүү керек. Же болбосо, премьер-министрликти жоюу менен бийликти толугу менен президентке өткрүп берүү керек. Ошондо гана башкаруу үчүн жоопкерчиликти бирөөнүн мойнуна кое алабыз»,- дейт Жеңиш Молдокматов.

“Замандаштын” лидери Жеңиш Молдокматовдун айтымында, партия бул сапар жаңы программа менен чыгууда. Өзүн “мигранттардын партиясы” деп атаган “Замандаштын” “Келечек 4.0” аталышындагы программасы 7 бөлүктөн турат.

1) Бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү

Партия өлкөнүн бардык жарандарынын материалдык жана руханий бейпилчилиги башкы максат экенин белгилейт.

Мында билим берүүнү, маданиятты колдоо, социалдык теңсиздикти жоюу, элдин саламаттыгын жана эмгегин коргоо жана калктын аярлуу катмарына колдоо көрсөтүүгө басым жасалмакчы.

5 жыл ичинде өлкөнүн ички дүң продукциясын 7,5 миллиард АКШ долларынан 15 миллиард АКШ долларына чейин көтөрүү. Башкача айтканда, “Замандаш” партиясы 5 жыл ичинде өлкөнүн ИДПсын 2 эсеге жогорулаткысы келет.

Инновациялык өлкө программасында “Замандаш” партиясы Кыргызстанда IT технологиялардын паркын түзүүнү каалайт.

Жашыл экономика программасында Кыргызстанды электротранспорт менен камсыздоону көздөйт.

4-программа Гумандуу өлкө. Жарандардын социалдык жашоо шартын жакшыртуу, билим берүү жана маданиятын жогорулатуу, видеокөзөмөл системасын киргизүү кылмыштуулукту кыскартууга шарт түзөрүн белгилейт.

Евразия экономикалык биримдигиндеги татыктуу орун. “Замандаш” партиясы Кыргызстандын келечегин ЕАЭБ менен көрөт. Тагыраак айтканда, алар Кыргызстанды бул биримдикте татыктуу орунга ээ кылууну көздөйт.

Ал эми адам укугу жана эркиндиги маселесинде активдүү позициясы бар жарандык коомду колдой турганын убадалашууда. Ошондой эле ишкерлерге карата бюрократияны да минималдаштыруу пландары бар.

Саясий реформалар жаатында “Замандаш” Кыргызстан административдик-аймактык реформага муктаж деп эсептейт. Андан тышкары башка партиялардын убадаларынын тизмесинен орун алгандай эле, коррупциянын себептерин жоюу тууралуу да сөз кылган.

Жалпылап айтканда, “Замандаш” партиясы жогоруда айтылган 7 программа менен Кыргызстанды өнүктүрсө болот деп ишенет. Ал эми башка партиялардын программаларын талдоону эртең кайра улантабыз.

Copyright © 2017 Maral FM