Биз менен байланышыңыз

50 миң сом сүйүнчү, 2 млн турист убада кылган «Кыргызстан» партиясы

Саясат , Шайлоо-2020 | 17 Сен 2020 | 854 | 0

Документтерин кечигип тапшырды деген БШК менен соттошуу, баннерлердеги каталар, талапкерлер тууралуу кызыктуу фактылар. Тагыраак айтканда, бүгүн өзүңүздөр баамдагандай эле “Кыргызстан” партиясынын программасы тууралуу кеп кылабыз.

“Кыргызстан” партиясын парламенттик шайлоого Канат Исаев жетектеп барат.

Бул партияны айтканда, дароо эле программасында камтылган “Балага сүйүнчү” эске келет. “Кыргызстан” партиясы жаңы төрөлгөн ымыркайларга сүйүнчү пулду төлөөнү 50 000 сомго чейин жеткирүүгө убада берүүдө.

Баса, “Кыргызстан” партиясынан шайлоого аттанган талапкер жана парламенттин учурдагы төрагасы Дастанбек Жумабеков кечээ Таласта жаңы төрөгөн аялга 50 миң сом сүйүнчү берди. Бул административдик ресурсту колдонгонго киреби деген суроолор жаралып, Жумабековдун акыркы аракети коомчулукта катуу талкууга алынып жаткан учуру.

Программасын «ЭКОНОМИКА — САЯСАТТАН МААНИЛҮҮ» деген лозунг менен баштаган “Кыргызстан” партиясы чиновниктердин санын кескин кыскартууга убада берүүдө. Коррупцияга шарт түзгөн мамлекеттик текшерүүлөрдү да кыскартарын айтышууда.

Мигранттар – мыкты инвесторлор болорун айткан бул партия ар бир эмгек мигрантынын кесиби болушу керек деп эсептейт. Бул үчүн өлкөнүн бардык аймактарында акысыз кесиптик билим алууга мүмкүнчүлүк берүүнү каалайт.

Айыл-чарба продукцияларын көп көлөмдө экспорттоо үчүн фермерлерди кооперативдерге бириктиргиси келет.

Инвестицияларды тартуу максатында салыктарды максималдуу кыскартуу программасын иштеп чыкмакчы.

Башка партиялар сыяктуу эле “Кыргызстан” партиясы да саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүп, медицина кызматкерлерине кам көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Ошондой эле мугалимдердин статусун көтөрүүнү көздөйт.

“Кыргызстан” партиясы мамлекеттик тилге басым жасагысы келет. Ушул жерде эмнегедир бул партиянын баннерлериндеги казакча басылып чыккан “г” тамгасы эске түштү. Эми бул албетте, басмакананын катасы деңизчи.

Экология боюнча, заманбап таштандыларды кайра иштетүүчү ишканаларды ишке киргизүүнү камсыз кылышарын айтууда.

Турак-жайдан болсо, ипотеканын негизги суммасын алгач, андан кийин пайыздарды төлөп бергендей кылып, арзан баада турак-жай куруунун жаңы механизмин иштеп чыгууга сөз берүүдө. Анын ичинде жетимдерди жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн да турак-жай менен камсыз кылуу идеясы бар.

Эл аралык саясат боюнча, бул партия Кыргызстан учурда мүмкүнчүлүгүн толук колдоно албай жатканын, Бажы биримдигиндеги мүмкүнчүлүктөрүн 100% пайдалануу керектигин айтат. Ошондой бул партия Европага чыгууну көздөйт.

«Кыргызстан” партиясы чек ара маселесине да көңүл бурарын айтууда. Партия чек ара жана күч блогу боюнча вице-премьер-министрин Ош шаарына өткөрүп берүүнү сунуштайт. Андан сырткары, чек аралар такталбаган жерлерде аймактарга жана жарандарга өзгөчө статус берилиши керектигин белгилейт.

Башкалардан айырмаланган өзгөчө убадаларынын бири катары туризм тармагын айтсак болот. Бул партия туризм тармагына заманбап иш ыкмаларын киргизүү менен жылына 2 миллион туристти убада кылууда. Бирок ага Кыргызстандагы туризм тармагы канчалык даяр жана аны даярдоого канча убакыт кетери тууралуу ачыктаган эмес.

Эсиңиздерге салсак, биз буга чейин:

“Ата Мекен”;

“Бир Бол”;

“Биримдик”;

“Бүтүн Кыргызстан”;

“Замандаш” партияларынын программаларын талкуулап, өзгөчө убадаларына токтолгонбуз.

Copyright © 2017 Maral FM