Биз менен байланышыңыз

Мугалимдерге үй убадалап, кош жарандуулукту колдогон «Мекенчилдер»

Саясат , Шайлоо-2020 | 22 Сен 2020 | 1082 | 1

“Бийлик – элге, уурулар түрмөгө!” деген ураан менен шайлоого аттанган “Мекенчил” партиясы өлкөнү өзгөртүүгө он мыйзам жетишет деп эсептейт.

Саясатчы Камчыбек Ташиев баштап бараткан бул партия «Кумтөр — элдин байлыгы жана аны элге берүү керек» деген демилге көтөрүүдө. Ошондой эле программасында чек ара маселесине да артыкчылык берген. Алдыда “Мекенчил” саясий партиясынын шайлоо алдындагы программасына токтололу.

“Мекенчил” партиясы Жогорку Кеңешке келе турган болсо, беш багытта кардиналдуу реформа баштоого убада берүүдө.

Конституциялык реформа боюнча алсак. Бул партия да кош бийликти кыскартып, жоопкерчиликти же президентке, же парламентке жүктөгүсү келет. Жана Элдик курултай институтун ишке киргизүүнү максат кылат.

Депуттардын санын 120дан 75ке чейин кыскартып, бир мандаттуу (мажоритардык) шайлоо системасын киргизерин айтышууда.

“Мекенчил” партиясы өлкөгө өлүм жазасын киргизүүнү колдойт. Булар өлкө казынасына суук колун салган коррупционерлердин, элдин мүлкүн уурдап жеген уурулардын, педофилдердин, антын бузган аткаминерлердин (прокурор, сот, депутат, өкмөт мүчөлөрү жана  президент да болушу мүмкүн), ошондой эле ар кандай аракеттери менен элге чыккынчылык кылгандардын жанын кыйгысы келет.

Андан сырткары, бул партия адилеттүү сот системасын түптөөгө убада кылууда.

Ал эми Мамлекетти коргоо жана чек ара маселесине келсек, “Мекенчил” партиясы Кыргызстандагы Чек ара кызматын толук бойдон түштүк борборго котормокчу.

Чек ара тилкелерин аныктоо жана чек арада жашаган адамдардын социалдык көйгөйлөрү Өкмөттүн негизги маселеси катары каралары айтылган.

Башка партиялардай эле булар да билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында өзгөрүүлөр болорун убадалашкан. Бирок кандай ыкмаларды колдонору так жазылган эмес.

Жылына жүз миллион долларга чейин пайда көргөн чиновниктер бар экенин айткан “Мекенчилдер” энергетика тармагындагы уурулукка чекит коюуну каалайт.

Акча көп айлангандардын дагы бири — бажы тармагы. Бул партия аралыктан кызмат көрсөтүү ыкмасын киргизүү менен пара алуу ыктымалдуулугун жоюп, бажы тармагындагы уурулукту токтоткусу келет.

“Мекенчилдердин” эң басым жасаганы  кен байлык тармагындагы уурулукту токтотуу. “Кумтөр” алтын кенинен жылына 2 миллиард долларга бааланган алтын өндүрүлөрүн, анын 300 миллион доллары өндүрүштүк чыгымга жумшалса, калган 1 миллиард 7 жүз миң доллары Кыргызстандан сыртка чыгарылып кетип жатканын айткан партия, бул тармактагы коррупция жоюлса, өлкөгө көп пайда түшөрүн айтат.

“Мекнчил” партиясы кош жарандуулукту колдойт.

-Чет өлкөдөгү жарандарыбызды “мигрант” деп мазактоо туура эмес – алар биздин мекендеш инвесторлорубуз. Аларга жана балдарына кош жарандуулук боюнча укук берилиши зарыл,- деп жазылат партиянын программасында.

Андан сырткары бул партия берилген кредиттердин пайыздык үстөмдүгүн он пайызга чейин түшүрүүгө убада кылууда.

Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык насыя аркылуу ар бир мугалимди жана дарыгерди үй менен камсыз кылышарын айтууда.

Өздөрүн «жаштардан түзүлгөн курам, мигранттардын партиясы» деп атаган “Мекенчил” партиясы жогорудагы сунуштары менен өлкөнү өнүктүрүүгө аракет кылмакчы.

Кошумчалай кетсек, биз буга чейин:

“Ата Мекен”;

“Бир Бол”;

“Биримдик”;

“Бүтүн Кыргызстан”;

“Замандаш”;

“Кыргызстан”;

«Мекеним Кыргызстан» партияларынын программаларын талкуулап, өзгөчө убадаларына токтолгонбуз.

1 пикир

1 пикир

  1. Айгул

    22.09.2020 18:42

    Жон эле койсо болмок кайдагы мугалимдер Уй жон кана керексиз лапшалар баардыгын кыйратып Уй калдыбы

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM