Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Шайлоого менин аппаратымдын кийлигишүүсү минималдуу болду

Кыска кабар | 4 Окт 2020 | 1082 | 0

Президент Жээнбековдун айтымында, парламенттик шайлоону уюштурууга президенттик аппарат түздөн-түз кийлигишкен жок. Бул тууралуу «Биринчи радиого» берген маегинде айтып өттү.

Өлкө башчы шайлоого байланыштуу мекендештерге буга чейин да кайрылуу жасаганын айтып, бул ирет да шайлоо тууралуу пикирин билдирген. «Биз 2010-жылдан бери парламенттик мамлекетти бекемдеген системаны куралы деп келе жаткан мамлекетпиз. Андан бери Жогорку Кеңешке эки жолу шайлоо өттү. Эки чакырылыш ошол парламенттик системада иштеди. Парламенттин мамлекеттин өнүгүүсүнө кандай таасири бар экени көрүндү. Мына ошону туура түшүнүп, мен баш болуп, бүт мамлекеттик органдар, шайлоону өткөрүүгө жооптуу органдар, жергиликтүү бийлик шайлоого өзгөчө мамиле кылышты. Эң негизгиси, биз шайлоого катышып жаткан партияларга, талапкерлерге кийин элибиз барып добуш бергенге колдон келишинче шартты түздүк. Менин аппаратымдын уюштуруу иштерине кийлигишүүсү минималдуу болду. Өкмөт өзү иш алып барып жатты.

Биздин аппарат кайсы жерде кемчилик болуп жатса, ошол жерде «кемчилик бар экен» деп айтып турду. Түздөн-түз аппарат киришкен жок. Бирок, экинчи жагы да бар. Шайлоо учурундагы, андан кийинки өлкөдөгү кырдаалга Президент жооптуу болгон соң, аппарат ошол милдетти аткарат», — деп сөзүн жыйынтыктаган президент.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтөт. Ага 16 партия катышууда.

Copyright © 2017 Maral FM