Биз менен байланышыңыз

Стамалиева: Президент парламенттик шайлоону өткөрүп коюп, кызматтан кетет

Кыска кабар | 14 Окт 2020 | 1396 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттик шайлоону өткөргөндөн кийин отставкага кетет. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Тологонай Стамалиева билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Жогорку Кеңеш өкмөт башчыны кызматына бекиткенден кийин президент менен Садыр Жапаров жолуккан.

Жолугушууда президенттин отставкасы тууралуу сөз болуп, премьер-министр Жээнбековду бүгүн кызматтан кетүүсүн талап кылган.

Садыр Жапаров президентке өз талабын койду. Бирок Жээнбеков азыр кызматын тапшырууга укугу жок экенин дагы бир жолу белгилеп, андай кылса өлкө зыянга учурай турганын айтты. Президент 9-октябрда айткан позициясын өзгөрткөн жок — ал парламенттик шайлоо өтүп, мамлекетти мыйзам талаасына алып келгенден кийин гана кызматын тапшырарын билдирди, — деди Стамалиева.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңеш жыйынга чогулуп, күн тартибинде президент артка кайтарган өкмөт башчыны бекитүү боюнча токтомун карады. Анда Садыр Жапаров өкмөттүн жаңы курамы менен тааныштырып, программасы 10-октябрда көрсөтүлгөн бойдон кала турганын айткан.

Жыйынга катышкан 80ден ашык депутаттын баары макулдугун билдирип, каршы чыккан депутат болгон жок.

Copyright © 2017 Maral FM