Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Жээнбеков реформатор эмес экен

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Окт 2020 | 687 | 0

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков реформатор эмес экен. Мындай бааны юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев берди.

«Садыр Жапаров реформасын жаңыдан баштап жатат. Долбоорлорун көрөлү. Бизде мамлекеттин бийликтин жоопкерчилиги жок. Алсак, депутаттарды кайра чакырып алып же отчет ала албайбыз. Ошондуктан эл өкүлдөрү, президент өтүктөрүн төргө илип жаткан заман», — дейт Бөрүбашев.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында отставкага кеткен. Анын милдетин убактылуу Садыр Жапаров аткарууда.

Copyright © 2017 Maral FM