Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан монархиялык формага өтүп бара жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Дек 2020 | 953 | 1

Кыргызстан монархиялык формага өтүп бара жатат. Анткени монархиялык формада мыйзамды монах гана кабыл алат. Өлкө да ушундай абалга келип калды. Кээ бир адамдар: «Силердин мыйзам жазганга акыңар жок, тийбегиле, ушул Башмыйзам менен гана жашагыла» деп айтууда. Мындай пикирин Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Эл тараза: баалайт, көрөт. Жаңы Конституциянын долбоорун парламенттин депутаттары сунуштады. Алар элдин атынан сүйлөөгө акысы бар. Сунуштун жана Констититуциялык кеңешменин негизинде ишти алып кеттик. Бул жерде эч кандай жобо бузулган жок. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Конституциялык кеңешме боюнча жарлыгы да мыйзамдуу. Көпчүлүк 2010-жылкы Башмыйзамдын автору Өмүрбек Текебаевден Конституциянын алгоритми боюча сурап коюшпайт», — деди Бөрүбашев.

Copyright © 2017 Maral FM