Биз менен байланышыңыз

Бөрүбашев: Кыргызстанда Баш мыйзам Ак үй каалаган учурда өзгөрөт

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Окт 2019 | 819 | 0

Кыргызстанда Баш мыйзам Ак үй каалаган учурда өзгөрөт. Алсак, шайлоо өтмөйүнчө ушул эле система сакталат. Мындай пикирин саясат талдоочу, юрист Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, шайлоо жөнүндө мыйзамды өзгөртүү керек. Бирок азыркы бийликке учурдагы шайлоо системасы жагып жатат. Мындан улам өзгөрүүгө барышпайт.

«Бизге конституциялык реформа керек. Бирок курултай, парламенттик башкаруу, депутаттарды шайлоо маселелери жетишсиз. Аталган маселелер жалпы элдин көйгөйүн чечпейт. Миллион кыргыз тентип кетти, элдин көбү жакыр. «Доор чакырыгы» уюму биринчи орунга экономикалык маселелерди, мыйзамсыз баюуну койдук. Курултай экинчи маселеде турат. Мыйзамсыз байыган адамдардын аты 2 жылдан бери ТВ, радиодон түшпөйт. Мындан сырткары, социалдык маселе, улуттук идеологияны койдук», — дейт Бөрүбашев.

Copyright © 2017 Maral FM