Биз менен байланышыңыз

«Элдик курултай кирсе, кош бийлик болушу ыктымал»

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Дек 2020 | 865 | 0

Элдик курултай институту кирсе, кош бийлик болуп калуу коркунучу бар. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кош бийлик болбошу үчүн коомдук жана мамлекеттик түзүлүштө Элдик курултайдын ордун таап чыгуу керек. Эгерде андай болбосо, азыркы партиялардан айырмасы жок болуп калат. Учурда партия лидерлеринин диктатурасы орноп, Ак үйдөн айылга чейинки кызматтарды бөлүп алышкан.

Учурда Элдик курултайды киргизүү боюнча талкуу кылдат жүрүп жатат. Жакында чечим кабыл алынат.

Copyright © 2017 Maral FM