Биз менен байланышыңыз

«Биздеги парламенттик башкаруу — депутаттар үчүн бейиш»

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Ноя 2020 | 563 | 0

Өлкөдө түзүлүп калган парламенттик башкаруу — депутаттар үчүн бейиш. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Батышта парламент өкмөткө кошо жооп берет. Акыркы болгон окуялар боюнча парламент жооп берген жок. Биз президенттерди күнөөлөп жатабыз. Парламенттик башкаруу чалды-куйду, эч кимде жоопкерчилик жок. Депутаттар жоопкерчилик албайт. Башкаруунун кандай формасына барабыз? Болочок президент ошого ылайыктуу болушу кажет. Чырмалышкан маселени бүгүн чечпесек, эртең кеч болуп калат», — деди Бөрүбашев.

Ал белгилегендей, президенттин ыйгарым укуктары чектелүү, андыктан коопсуздук маселеси боюнча гана жооп бериши керек. Бирок Кыргызстанда андай эмес. Парламент жоопкерчиликтен качып, эч нерсе билбегендей четте турат.

Copyright © 2017 Maral FM