Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Апрель революциясы мамлекеттик башкаруу системасын өзгөрттү

Кыска кабар | 6 Апр 2020 | 1000 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчы өз кайрылуусунда Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш мезгилдин башаты  болгон бул окуянын саясий жана тарыхый мааниси чоң экендигин айтып, адилетсиз бийликке каршы туруп, атылган октон жалтанбаган каармандардын өз өмүрлөрүн Кыргызстандын келечегине арнаганын эскерди.

Бул күн — биз үчүн ыйык. Шейит кеткендердин умтулган тилектери — алардын бизге калтырган осуяты. Элибиздин азаттык сезимин, эркиндик духун көрсөткөн күн — 7-апрель — жыл сайын салтанатуу белгилене турган дата. Элдик революциянын 10 жылдыгына арнап, атайын Жарлыкка кол коюп, бир нече иш-чараларды белгиледик. Адамзатты каптап келген илдеттин кесепетинен, жалпы элдик иш-чаралар өткөрүлбөй калды. Апрель революциясынын идеяларын турмушка ашыруу — дайыма күн тартибинде турган милдет«, — деди Жээнбеков.

Ошондой эле президент Апрель революциясынын парламенттик демократияны орнотуу үчүн чечкиндүү кадам жасалгандыгын, жарандык коомдун мамлекеттик турмуштагы ролу жогорулагандыгын айтып, бирок, тилекке каршы, революциянын максаттары ишке толук ашпай калганын белгиледи.

Мындан сырткары, президент учурдагы абалга байланыштуу дагы бир жолу кайрылып:

— Дарыгерлерибиздин эмгегин жогору баалап, укук коргоо органдарынын ишин колдоого милдеттүүбүз. Эч кимдин «бул илдет мага келбейт, мага жукпайт» деп тобокелдикке барууга акысы жок. Өзгөчө кырдаалдын тартибин бузгандар өзүнүн үй-бүлөсү, туугандары үчүн гана эмес, өлкөнүн бардык жарандары үчүн коркунуч жаратат. Кыргызстанда оору жугузгандардын саны өсүп жатат.

Ошондуктан сиздерге дагы бир жолу кайрылам: ар бир жараныбыз, кары-жашына, ээлеген кызматына, коомдогу ордуна карабай, медициналык талаптарды так аткарып, үйдөн  чыкпай, тартипти бекем сактоого милдеттүү. Катуу тартип менен гана илдеттен коргонуп, анын таралышына бөгөт коё алабыз , — деди Жээнбеков.

Copyright © 2017 Maral FM