Биз менен байланышыңыз

«Мыйзамдын долбоорун 7 субъект сунуштай алат»

Кыска кабар , Пикирлер | 9 Фев 2021 | 1007 | 0

Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, президент, министрлер кабинетинин төрагасы, 10 миң адам, Элдик курултай, Жогорку Сот, Башкы прокуратура да мыйзам долбоорун сунуштай алат. Бул тууралуу Конституциялык кеңештин төрагасы, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жогоруда аталган органдар коомчулук менен тыгыз иштешкендиктен, мыйзам сунуштоо укугу берилди.

«Элдик курултай институту — коомдук өкүлчүлүктүн жыйыны. Алар сунуш, кеңеш берип, процесстерди байкайт. Мындан тышкары мыйзам чыгарууну да демилгелей алышат. Элдик курултай бийлик бутактарына таасирин тийгизе алат. Жылына бир жолу республикалык жыйынга чогулуп, чечим кабыл ала алышат. Элдик курултайдын мүчөлөрүн шайлоо, алардын саны мыйзам менен аныкталат. Кошумча мыйзам иштелип чыгат», — дейт Бөрүбашев.

Copyright © 2017 Maral FM