Биз менен байланышыңыз

«Жаңы Башмыйзам боюнча президент эбегейсиз укуктарга ээ болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Ноя 2020 | 1241 | 0

Конституцияны реформалоо деп айтууга болбойт, жаңы Башмыйзам кабыл алынып жатат. Мындай пикирин коомдук ишмер, легендарлуу парламенттин депутаты Кемелбек Ашыралиев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы Конституция президенттик башкарууга алып барат. Анын негизинде президент эбегейсиз укуктарга ээ болот.

«10 жыл бою парламенттик өлкөбүз деп, парламентте да, президентте да толук укук жок, сыртынан бийликтин тең салмактуулугу сезилгени менен бардык нерсени президент колуна алып, өзүнүн укугун ашыкча пайдалангандай сезилип кетип жатты. Аракеттеги Конституцияда президенттин экономикалык маселелер боюнча убада берүүгө укугу жок», — деди Ашыралиев.

Ал белгилегендей, жаңы мыйзамдын долбоорунда элдик курултай мыйзамдар менен чектелген. Учурда тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM