Биз менен байланышыңыз

«Курултай — туура эмес ой жүгүртүүдөн пайда болгон идея»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Ноя 2020 | 728 | 0

Элдик курултай туура эмес ой жүгүртүүнүн негизинде пайда болгон идея. Мындай пикирин саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, курултайды чакырууда демилгечилер президент менен өкмөттөн жыл сайын отчет алып, иштери канааттандырбаса, кызматтан кетирүү керек деген максат коюшкан. Бул туура эмес ой жүгүртүүдөн пайда болгон идея. Мындайда шайлоо жыл сайын өтүшү мүмкүн.

«Чындыгында, курултай — Жогорку Кеңеш. Биринчи кезекте, парламентти эл өзү шайлап ала тургандай кылып алсак… Иштеп турган органдын эффективдүүлүгүн арттыруу жагын ойлонуу кажет. Эми Башмыйзамдын долбоорун Акаевдин доорундагыдай башка-көзгө чапкылап алып өтөбүз деп жатышат. «Чимкирик» аталган парламент биздин жашообузду өзгөртөбүз деп жатат. Акыр аягы биз Башмыйзамды сыйлабай да калдык. Ал каалаганы келип, каалагандай өзгөртө берген кагазга айланды. Шашып отуруп, дагы бир аңга түшөбүз», — деди Акматов.

Ал Башмыйзам тургай, демилге көтөргөн парламенттин өзүндө легитимдүүлүк чоң суроо жаратып жатканын белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM