Майдын аягы менен Кыргызстанда желе байланып, бээнин сүтүн жана саамалды дарылыкка ичүү мезгили башталат. Бээнин сүтүн ичүү чөп катып, Үркөр жылдызы чыкканда, тактап айтканда июндун аягында токтойт. Андыктан, сүт же саамал ичем десеңиз, ушул айдын аягына чейин жетишип калыңыз. Учурда борбордун четиндеги атайын жайларда жана башка облустарда сүттүн баасы канча болуп жатат? Ден соолукка тийгизген таасири кандай? Бул тууралуу иликтөөнү сунуштайбыз.
Кымыз — дарылык касиети зор, ден соолукту чыңдоочу суусундук. Учурда борбордун ысыгынан жана ызы-чуусунан качып, бээнин сүтүн ичип келүү үчүн тоону көздөй агылгандар көбөйдү. Саамалдын баасы канча? Алар кандай негизде иш алып барышат? Биз бул суроолор менен «Кара-Булак ECO-RESORT» эс алуу жайынын администратору Адилет Чотоевге кайрылдык. «Бир күндүк эс алуунун баасы эки адамга 7600 сомду түзөт. Бул суммага беш маал бээнин сүтү, үч маал тамак жана башка кызматтар кирет», — дейт Чотоев.
— Биздин комплексте жатып, саамал ичүүнү каалагандар үчүн ар кандай шарттарды түзгөнбүз. Эки адамга, күнүнө 7600 сом. Бул сумманын ичине беш маал сүт ичүү, үч маал тамак-ашы кирет. Мындан сырткары, укалоо кызматы да бар.
Ал эми саамалды же кымызды үч күн эмес, 7 күндөн 10 күнгө чейин ичкенде гана дарычылык касиети билинет. Мындай маалыматты саанчы Бейшен Тойгонбаев берип, кардарлардын ишеничин пайда кылуу үчүн бээни алардын көзүнчө саап, жылуулай куюп берерин кошумчалады. Биз Бейшен мырзанын бир күндүк иш графиги боюнча суроо салдык.
— Мен күндө таңкы 3тө турам. Үйүрдү төрдөн сүрүп келгиче эле алты болот. Бээни саап, кардарларга дароо жылуулай беребиз. Бизди карап, суктанган конокторубуз көп. Бул бир четинен ишеним болсо, экинчи жагынан, коноктордун айыгып жаткан жүздөрүн көрүү биз үчүн сыймык. Жылыга ушул иш менен алектенем. Былтыр 15-16 бээ саачумун. Быйыл 11 бээ саап жатабыз. Күнүнө 15-17 литр сүт алабыз. Эл ичкенден ашканын кымызга куябыз.
«Азыркы жаштар кыргыздын суусундуктарын чанып, башка суусундуктарга алмаштырып жатышат», — дейт коомдук ишмер Кемел Ашыралиев. Кымыздын, саамалдын касиетин бир да дары-дармекке салыштырууга болбойт. «Айрыкча, жаштар май-июнь айларында убакыт таап, кыргыздын нукура суусундугун ичип, дарыланса», — деген тилегин билдирди.
— Жылкыны минсең — ат, жесең — эт, ичсең — шорпо. Бекеринен малдын тазасы, асылы дешпейт. Акты кыргыздар эзелтен ыйык көрүп келгендиктен, дарычылыгы да зор. Азыркы жаштарга нааразычылыгым, кымыз, айран каяктан, кантип жасалып жатканын билишпейт. Кайдагы бир түнкү клубдарда эс алып, кальян деген нерселерди чегип жүрүшөт. Андан көрө, май-июнь айларында акчаларын чогултуп алып, татынакай дарыланып келишпейби дейм да.
Бишкек шаарынын тургундары саамал ичип дарыланып турушабы? Биз бул суроо менен борбордун жашоочуларына кайрылдык.
— Мен саамал ичип көргөн эмесмин. Барганга убактым деле жок. Бирок кымыз ичип жүрөм.
— Окуумду бүтүрсөм эле айылга барам. Жылыга саамал ичип турбасам, кышында кадимкидей кыйналам.
— Ооба, үй-бүлөбүз менен шаардын чекесине чыгып, саамал ичип турабыз.
— Менин балам ооручу, үч жыл болду саамалга барганы айыгып, толуп калды. Касиети, дарычылыгы күчтүү.
Эгерде, сиз Бишкек шаарында жашап жакын жерден саамал ичип дарыланууну пландап жатсаңыз, анда баалары туурасында маалымат берели. Чүйдүн тегерегинде киши башына бир күнгө 1800 сомдон башталат. Эгерде саамал эле ичүүнү кааласаңыз, андан арзаныраак болот. Тактап айтканда, бир ичкениңиз 250 сом болот.
Ал эми «Чычкан» туристтик комплекси киши башына бир күнгө 2300 сомдон башталып, 5500 сомго чейин барат. Ал эми Ысык-Көлдөгү «Жети Өгүз» курортунда бир адамга күнүнө 1300 сомдон 1800 сомго чейин.