1-май — Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү, Эмгек майрамы. Учурда бул майрам дүйнөнүн 66 өлкөсүндө белгиленет. Бирок, кыргыз жаштарынын арасында бул күндүн мааниси унутта калып баратканы байкалат. Айрым серепчилер Эмгек майрамына көңүл кош мамиле жасалуу себебин өлкөдө жумушсуздук көйгөйү күчөгөнүнөн улам деп белгилешет. Дегеле, учурда бул майрамдын актуалдуулугу жана мааниси канчалык?
1-май — Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү, Эмгек майрамы. Тарых барактарына кайрылсак, 1886-жылдын 1-майында америкалык жумушчулар 8 сааттык иш күнүн орнотуу талабын коюп, көтөрүлүшкө чыгышкан. Окуя полиция тарабынан күч менен басылып, кан төгүү менен аяктаган. 1889-жылы II Интернационалдын Париж конгрессинде Чикаго жумушчуларын эскерүү максатында 1-май күнү демонстрация уюштуруу чечими кабыл алынган. Ал эми, Россия Империясында 1890-жылы алгачкы жолу Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү катары Варшавада 10 миң жумушчунун катышуусунда белгиленген. Кийинчерээк, 1917-жылдан тартып падышалык бийлик кулатылган Улуу Октябрь революциясынан кийин, жалпы Советтер Союзунун курамына кирген бардык өлкөлөргө майрам катары жайылтыла баштаган.
Кыргызстанда болсо, алгачкы жолу 1919-жылы «Жаз жана эмгек майрамы» деген аталышта Пишпек (азыркы Бишкек) шаарында белгиленген. «Большевиктер» партиясы уюштурган салтанатка шаардын калкы чогулуп, митинг өткөрүлүп, бул күндү салттуу майрамга айлантуу чечими кабыл алынган.
Тилекке каршы, бүгүнкү күндө бул майрамдын мааниси унутта калып бара жаткандай. Себеби, Бишкек шаарынын тургандарынан 1-майдын мааниси, анын тарыхы тууралуу сурамжылоо жүргүзгөндө, көпчүлүгүндө Эмгек майрамы тууралуу маалыматы жок экенине күбө болдук.
— Чынын айтсам, билбейт экем.
— Эртең жумуш кылган күн болсо керек. Үй-бүлө менен ишембилик кылса керек эле.
— 1-май кандай майрам экенин билбейт экем. Бирок, инимдин туулган күнү экенин так билем.
— Бул күн тууралуу маалыматым деле жок.
— Илгери 1-майды аябай күтүп, майрамдайт элек. Тилекке каршы, учурда мамлекет жакшы көңүл бурбай жатат. Балким, каражаты жок окшойт.
Жаштардын арасында 1-май майрамы унутулуп бара жатканын серепчилер да бышыкташат. Алсак, коомдук ишмер Кемел Ашыралиевдин айтымында, СССР убагында 1-май тынчтык жана элдердин ортосундагы достук майрамы катары белгиленип, тарбиялык мааниси зор болгон. Тагыраагы, бул майрам улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө өбөлгө түзгөн. «Кыргыз бийлиги жалпы элдин маанайын, ички духун көтөрө турган майрамдарды жандантып, иш-чараларды уюштурушу керек», — дейт.
— Мурда ар бир үй, ар бир мекеме айланасын тазалап, 1-майда айланабыз жаркырап турсун дешчү. Майрамды бала бакчадагы балдардан тарта абышка-кемпирлерге чейин кубануу менен тосуп алышчу. Тарбиялык мааниси бар, элдин эсинде кала турган майрамдарды колдошубуз керек. Анткени, Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү — элди эмгекке, жакшылыкка, биримдикке чакырган майрам. Учурда Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнүнө карата эч кандай көңүл буруу жок. Эски кишилер гана ойлонуп койбосок, жаштар 1-май майрамы эмне экенин да билишпейт. Ырас, 1-майды эс алуу күнү катары белгилеген соң, майрам катары уюштуруу зарыл. Болбосо эч ким майрам экенин сезбейт. Ушинтип отурса, 1-май бара-бара унутулуп калат.
Бирок шаар тургуну Асан Калыков (аты-жөнү өзгөртүлдү) Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнү СССР убагында майрамдалып келгенин, союз тарагандыктан, бүгүнкү күндө ал салтанатты эстөөнүн кажети жок экенин белгиледи.
— Эмгек майрамы СССР убагында майрамдалчу. Азыр эми унутулуп бара жатат. Бул мени өкүндүрбөйт. Анткени, СССР тараган. Анан эмнеге 1-майды майрам катары эстешибиз керек? Кыргызстанда майрамдар ансыз да абдан көп. Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнүн белгилеп, салтанаттын үстүнө салтанат кошуп эмне кылабыз? Ансыз да, 9-май Жеңиш күнү келатат.
1-май сыяктуу өзгөчө мааниге ээ майрамдар да кадырын, актуалдуулугун жоготуп бара жатат. Буга өлкөдө майрамдардын көптүгү шылтоо боло албайт. Эмгек майрамына, эмгекке көңүл бурулбагандыктан, жумушсуздук көбөйүүдө. Бул жалпы адам баласынын өсүшүнө баа берилбегендиктен улам келип чыгууда. Мындай пикирин Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Орозбек Дүйшеев билдирди.
— Совет мезгилинде өндүрүш, жумуш биринчи орунда турган. Азыр эми жеке менчикке өткөн соң, эмгек маселесине көңүл бурулбай калды. Бул жалпы жетекчилерибиздин туура эмес түшүнүгүнөн улам жаралып отурат. Бирок, байлык эмгек менен болот. Эмгекке көңүл бурулбай, элдин турмушу начарлап баратат. Калктын тиричилиги оор болсо, майрамды деле унутуп калышат. Негизи майрам, салтанаттар — жакшылыктын белгиси. Андыктан, майрамдар көп болсо, эч нерсе болбойт. 1-майда элибиз алдыга жылып жатат деп салтанат ушютурулса, чакырык болмок. Натыйжада, элдин көңүлү көтөрүлүп, аракети күчөмөк.
Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин пикиринде, 1-майды майрамдоонун муктаждыгы жогору. Анткени, эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнүн белгилөө менен элдин биримдиги чыңдалат.
— 1-май — мыйзамдын негизинде дем алыш күн. Андыктан, бул дата мамлекет тарабынан майрам катары белгилениши зарыл. Эмгекчилердин эл аралык тилектештигинин күнүн шаңдуу, салтанаттуу коцерт, түрдүү оюндарды уюштуруу менен өткөрсөк, 1-майдын мааниси артмак. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Өлкө жетекчилери болгону, эл көзүнө бир аз спорт оюндарын уюштурумуш этишет. Бул боюнча профсоюздар иш алып барышы зарыл. Анан да, азыркы башчыларыбыз кечээки тарыхты эртерээк унутууга аракет кылып, чоң ката кетирүүдө. Себеби, майрамдын негизги максаты: эмгекчилердин жашоо-шартын оңдоо, көйгөйлөрүн чечип берүү. Бул жагынан бийлик мактана албайт. Эмгекчилер ынтымак менен иштесе, мыйзам бузуу болмок эмес. Жумушчулар эмгегине жараша маяна алмак. Бирок, бүгүнкү күндө андай болбой жатат. Мисалы, курулуш тармагын алсак, жумушчулар 1 ай иштеп кетип калат. Пайдасын ким көрөт? Албетте, турак жай курган ишкананын ээси көрөт. Азыр жөнөкөй кызматкерлер, ишкерлер кыйналган учурда жашап жатабыз. Анткени, президенттер, өкмөт башчылары 1-майдын маанисин таптакыр унутуп коюшкан.