Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: «Раим миллион» камалат, президент арызын жазып берет

Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 1137 | 2

Садыр Жапаров Өкмөт үйүнүн алдына чогулган тарапташтарына кайрылуу жасады. Ал өз сөзүндө президент Сооронбай Жээнбеков менен да, Матраимовдор менен да жолугушпаганын, эч кандай сүйлөшүү болбогонун билдирди.

Журналисттер, силер туура эмес маалымат таратып жатасыңар. «Жээнбековдор менен, Матраимовдор менен сүйлөшүп алыптыр» деген — калп. Мен Кудайды карап туруп айтайын, эч кимиси менен сүйлөшкөнүм жок, сүйлөшпөйм дагы. «Раим миллион» камалат! Мен азыр толук ишке киришкен жокмун. Киришкенден кийин камалат. Ал эми Сооронбай Жээнбеков болсо, ачыгын эле айтайын, бир депутат аркылуу «Мен арызымды жазып, тынч эле кетип калайын», — деп айттырып жибериптир. Мен макул дедим, тынчтык жолу ушул болот, — дейт Жапаров.

Абактан чыккан саясий лидер топтолуп турган тарапташтарын тарап кетүүгө чакырып, башаламандыкка барбоого үндөдү. Мындан тышкары элге күнүнө эки жолу маалымат берип турарын кошумчалап, Өкмөт үйүнө кирип кетти.

2 пикир

2 пикир

  1. Айкелди

    08.10.2020 20:48

    Алган акчалары кандай болот ал дагы жеп жеп тыыыынч кете береби

  2. Кайыргүл Аблилатканова

    09.10.2020 12:07

    Садыр Жапаровго карт бөрүлөр иштегенге мүмкүндүк бербей атышпайбы. Жапаров татыктуу. Кыргызстандын келечеги үчүн күйгөн инсан. Баягы эле бийликке умтулган адатыбызды качан таштайбыз? Ойгонгула!!!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM